News


📣Үндү текстке айландыруу боюнча уюштурулган хакатондун акыркы күнү болуп өттү. 
Ар бир команда өз долбоорлорун калыстар тобуна тартуулашты. Чыгармаларды кылдат карап чыгып, бир нече критерийлер боюнча баалаган соң, калыстар тобу төмөнкү орундарды ыйгарууну чечти:

🥇1-орун - “Кадам”- телефон фотоаппараты аркылуу маалыматты генерациялап берүүчү мобилдик колдонмо (түшүндүрмө берүү) 
🥈2-орун - "UME" - музыкалык аудио файлдарды жолчолорго жана (үн, текст, фондук дабыштар жолчосуна) текстке ажыратуу веб колдонмо. 
🥉3-орун - "Oyou" - MS Word, Power Point ж.б. текст редакциалоо платфоормалары үчүн үн аркылуу текст даярдоо.
 
➡Хакатондун башка командаларынын жалпы баардыгы (#1 тиркемеге ылайык жалпы 22 команда) кызыктыруучу байгелердин ээси деп табылды.

📣Жеңүүчүлөрдү жана хакатондун бардык катышуучуларын иш-чаранын ийгиликтүү аякташы менен куттуктайбыз!

➡Эскертүү: 19.04.2024 ж саат 10.00 КМТУнун Чоң жыйындар залында баардык катышкан командаларды күтөбүз.
#КМТУ

Протокол