Миссия жана стратегиялык максаттар


СТРАТЕГИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ ПЛАНЫНЫН

        Билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясат адамдык капиталды калыптандырууга, билим берүүнүн жаңы моделин түзүүгө багытталган, ал колледждин алдына жаңы максаттарды жана милдеттерди койгон. Орто-кесиптик билим берүү системасындагы бардык кайра куруулар Кыргызстандын региондук жана дүйнөлүк деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыздоо стратегиясын ишке ашырууга реалдуу салым болуп саналат.

       И.Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы Балыкчы колледжи жемиштүү иштөөгө, өзгөрүп жаткан рынок шарттарына ыңгайлашууга, жогорку кесиптик билим алууну улантууга жөндөмдүү, компетенттүү адистерге иш берүүчүлөрдүн муктаждыктарын канааттандырууга умтулат.

   И.Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы Балыкчы колледжин өнүктүрүүнүн стратегиялык иш планы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 сандуу 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен кабыл алынган 2021-2040-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясына ылайык иштелип чыккан.

      Колледждин иши Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 92 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 "Билим берүү жөнүндө" токтомуна, Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмунун токтомдоруна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470 “Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 610 «Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын аккредиттелген билим берүү уюмдарына коюлган адистиктердин тизмесин жана адистиктер боюнча окутуунун ченемдик мөөнөттөрүн, минималдуу талаптарын бекитүү жөнүндө» токтомуна, Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билими (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-октябрындагы

    № 525 токтомунун редакциясына ылайык) жана башка Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана И.Раззаков атындагы КМТУнин ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.

План колледждин негизги иши болуп саналат.

     Стратегиялык пландын аткаруучулары жана биргелешип аткаруучулары : педагогикалык жамаат жана колледждин бардык кызматкерлери, студенттер жана алардын ата-энелери, иш берүүчүлөр (ишканалар жана уюмдар) социалдык өнөктөштүктүн субъекттери болуп саналат.

Планды ишке ашыруунун башталышы : 01.09.2022 –жыл.

   Стратегиялык планды этап-этабы менен ишке ашыруунун жыйынтыктары педагогикалык кеңештин (колледждин кеңешинин) жыйналыштарында каралат.

      Программа өзгөртүүлөр жана толуктоолор үчүн ачык документ болуп саналат. Стратегиялык планды тактоо колледждин башкаруу органдарынын чечимдерине ылайык жүргүзүлөт.