Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Башкы бет


“Курулуш конструкциялары, имараттар жана курулмалар” кафедрасы “Курулуш” багыты боюнча эң негизги  “Өнөр-жай жана жарандык курулуш”профилинде даярдоону жана бүтүрүүнү ишке ашырат.

Жогорку кесиптик билим берүүнүн эки баскычтуу системасына ылайык, кафедра“Өнөр-жай жана жарандык курулуш” магистрдик программасы боюнча магистрлерди даярдап чыгарат.

     «ККИК» кафедрасы аспирантура жана докторантура боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдоону жүргүзөт.

      «Курулуш» багыты боюнча билим берүү программаларынын R&D  кластеринин багыттары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын илимий адистиктеринин шифрлерине ылайык келет:

05.23.00 – Курулуш

05.23.01 - Курулуш конструкциялары, имараттар жана курулмалар

05.23.02 – Негиздер жана фундаменттер, жер астындагы курулуштар

05.23.05 - Курулуш материалдары жана буюмдары

05.23.08– Курулуштун технологиясы жана уюштуруусу

05.23.11 - Жолдорду, метролорду, аэродромдорду, көпүрөлөрдү жана транспорттук тоннелдерди долбоорлоо жана куруу

05.23.17 – Курулуш механикасы

«Курулуш» кластеринин БП илимий ишинин негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:

  • Сейсмикалык жүктөрдүн динамикасындагы имараттардын жана курулмалардын туруктуулугу;
  • Сейсмикалык жана аэродинамикалык таасирлерге туруктуу имараттардын жана курулмалардын конструкцияларын иштеп чыгуу;
  • Динамикалык күчтөргө активдүү каршылык көрсөтүүнүн негизинде жүк көтөрүүчү конструкцияларды изилдөө жана иштеп чыгуу, б.а. конструкциялардын массасын азайтуу, катуу конструкциядан баш тартуу, инерциялык жана башка демпфингдерди колдонуу ж.б.;
  • Свая жана туташ фундаменттерди изилдөө жана иштеп чыгуу, фундаменттерди курууда «батыштык» жана акыркы технологияларды практикалык ишке киргизүү;
  • Асман тиреген типтеги бийик имараттардын конструкцияларын колдонуунун практикасын изилдөө, бийик имараттардын катуулук өзөктөрү үчүн конструкциялык схемаларды иштеп чыгуу;
  • Имараттар менен курулмалардын эки системалуу жана көп системалуу көтөрүүчү конструкцияларын (бир системага каршы) иштеп чыгуу, б.а. бир же бир нече жүк көтөрүүчү элементтердин туруктуулугун жоготкон учурда бүтүндөй каршылыгын сактап кала турган жүк көтөрүүчү конструкцияларды иштеп чыгуу;
  • Конструкциялардын массасын азайтуу жана динамикалык жүктөрдүн чөйрөсүндө өздүк термелүү диапазондорун жогорулатуу максатында имараттардын жана курулмалардын жүк көтөрүүчү элементтериндеги темир жана кабель конструкцияларын долбоорлоо;
  • Кыргызстандын жарандык курулушунда полимердик жана композиттик курулуш материалдарын колдонуу, алардын эффективдүүлүгүн илимий жактан негиздөө;
  • Автономдуу жана энергияны үнөмдөөчү имараттарды пайдалануунун илимий негиздемеси, имараттардагы жана шаардык инфраструктурадагы инженердик тармактардын санын 3 негизги инженердик тармактарга – муздак суу менен камсыздоо, канализация, электр тармактарына чейин кыскартуу;
  • Шаардын инфраструктурасын андан ары өнүктүрүүнүн илимий негиздемеси – шаардык метрополитенди жана ага жараша станциялык имараттарды куруу, шаардын интенсивдүү өнүгүүсүнө байланышктуу эстакадалар, жол өтмөктөр жана көп деңгээлдүү жол түйүндөрүн куруу, курулуш жана шаардык инфраструктуранын инженердик тармактарын жаңыртуу, туруктуу имараттарды жана курулуштарды куруу.