Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Радиоэлектроника


«РАДИОЭЛЕКТРОНИКА» КАФЕДРАСЫ

 

            Жогорку билим берүүнүн заманбап системасындагы өзгөрүүлөр, жогорку мектептин иштөөсүнүн уюштуруу-экономикалык механизмдерин реформалоо жана билим берүү рыногундагы атаандаштык күрөштүн күчөшү университетте билим берүү кызматын кеңейтүүнүн зарылчылыгына алып келди. И. Раззаков атындагы КМТУнун ректорлугу жана электроника жана телекоммуникация институнун администрациясы тарабынан «Радиоэлектроника» кафедрасынын астына атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн, кирешелүүлүгүн, туруктуулугун жогорулатуу максатында кафедранын ишмердүүлүн комплекстүү өзгөртүү боюнча тапшырма коюлган.

Коюлган тапшырманы чечүү үчүн кафедранын жамааты бакалавр жана магистр билим деңгээлин ыйгаруу мүмкүнчүлүгү менен 690300 – Маалымат коммуникациялык технологиялар жана байланыш системалары (“Мобилдик байланыш системалары жана радиокирүү” “Санариптик телекөрсөтүү жана үн уктуруу” жана “Буюмдардын интернети жана телекоммуникациялык системалар” профилдери) жана 690200 - «Радиотехника» («Радиотехника» профили) багыттары боюнча билим берүү ишмерүүлүгүн жүргүзүү укугуна лицнзиялык экспертизаны өткөрүү үчүн документацияларды даярдоого байланышкан бир далай жумуштарды жасады. Жумуштун биринчи этабынын ийгиликтүү бүтүшү көрсөтүлгөн адистиктерди университеттин студенттерин кабыл алуу планына киргизүүгө мүмкүн болду.

            «Радиоэлектроника» кафедрасынын аткарылуучу иштери:

- 690300 – Маалымат коммуникациялык технологиялар жана байланыш системалары  жана 690200 - «Радиотехника» багыттары боюнча кадрларды даярдоодо республикада алдыңкы орундарды ээлөө;

- эмгек рыногунун муктаждыгын, өлконүн, инсандын индустриалдык-инновациялык өнүгүү маселелерин канааттандыруучу жогорку билим берүүнүн эң бийик сапатына жетүү;

- жогорку квалификациялуу илимий жана жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо;

- илимий изилдөөлөлөрдүн жана кесипчилик даярдоонун алкагында тыгыз эл аралык кызматташууну камсыз кылуу.

- техника жана технология жаатында ата мекендик жогорку жана ЖОЖдон кийинки билим берүү системасын өнүктүрүүгө салым кошуу;

- жогорку билим берүү чөйрөсүндо улуттук, эл аралык салттарга жана муктаждыктарга багыт алуу.