Эмне үчүн КМТУ?

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) Кыргызстандагы инженердик-техникалык билим берүүнүн флагманы болуп саналат. Университет биздин республика, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр үчүн ар кандай багыттар боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдайт.

Бүгүнкү күндө КМТУда көп деңгээлдүү даярдоо ийгиликтүү ишке ашырылууда, бакалаврларды жана магистрлерди даярдоонун жаңы багыттары ачылууда, эл аралык байланыштар кеңейүүдө, узак мөөнөттүү өнөктөштүк макулдашуулар түзүлүүдө. Биз Москва энергетикалык институту, Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университети, Балтика мамлекеттик техникалык университети "Военмех" жана башкалар сыяктуу Россиянын алдыңкы университеттери менен тыгыз кызматташабыз. 2004-жылы Берлиндеги Колдонмо илимдер техникалык университети менен биргеликте Кыргыз-Герман техникалык институту ачылган. Мыкты билим көрсөткөн студенттерибиз Россия жана Европанын университеттеринде окуусун улантууга мүмкүнчүлүк алышат.

 


Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар