Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Абитуриенттерге


И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети (КМТУ) - Кыргызстанда инженердик-техникалык билим берүүнүн флагманы болуп саналат. Университет биздин Республика жана коңшу өлкөлөр үчүн ар тармактагы жогорку деңгээлдеги адистерди даярдайт.

Бүгүн КМТУда узак мөөнөттөгү шериктештик келишимдер түзүлүп, эл аралык байланыштар кеңейип, көп баскычтуу жаңы ыкмаларды колдонуу менен бакалавр жана магистрлерди даярдоо иши жүзөгө ашырылууда.

Биз Оруссиянын Москвадагы Мамлекеттик энергетикалык институту, Бауман атындагы техникалык университети жана Балтикадагы «ВОЕНМЕХ» мамлекеттик техникалык университети сыяктуу алдыңкы университеттер менен кызматташуудабыз.

2004-жылы Берлиндеги техникалык-колдонмо илимдер университетинин менен биргеликте Кыргыз-Герман техникалык институту ачылган.


КМТУ – бул:


Окутуу бюджеттин жана келишимдин негизинде, орус жана кыргыз тилдеринде, күндүзгү жана сырттан (аралыктан билим берүү технологиясын колдонуу менен) жүргүзүлөт.

Сырттан келген студенттер үчүн жатакана берилет.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен студенттер бюджеттик жана келишимдик формадагы окуу бөлүмдөрүнө кабыл алынышат.

Негизги тесттен тышкары сөзсүз түрдө предметтик тесттин да жыйынтыгы каралат.


КМТУга кирүү үчүн төмөнкүлөрдү даярдоо керек:

1. Билими боюнча тиешелүү документ;

2. ЖРТ сертификаты (негизги тесттен тышкары сөссүз түрдө предметтик тест);

3. Паспорт же абитуриенттин ким экендигин күбөлөндүргөн документ;

4. Аскерге чакырылуучунун күбөлүгүнүн көчүрмөсү (аскерге милдеттүүлөр үчүн);

5. Сүрөт 4 даана (3х4).

Чет элдик жарандар үчүн:

1. Билими боюнча тиешелүү документ;

2. Паспорт же абитуриенттин ким экендигин күбөлөндүргөн документ;

3. Аскерге чакырылуучунун күбөлүгүнүн көчүрмөсү (аскерге милдеттүүлөр үчүн);

4. Сүрөт 4 даана (3х4);

5. №086 Справка.

Сырт жактан келген студенттер үчүн жатакана берилет.

Байланыштар

720044, Бишкек ш., пр. Чынгыз Айтматов (мурункуТынчтык) проспектиси 66, КМТУ, 5/205 каб.

Тел.: +966 (312) 54-19-21 (кабыл алуу комиссия)

e-mail: tagaeva_72@mail.ru

Тел.: +966 (312) 54-51-51 (чет элдик студенттер үчүн),

e-mail: intoffice.kstu@gmail.com

Факс: +966 (312) 54-51-62