Долбоор жетекчисинин отчеттуулугу

Ар бир долбоор жетекчиси белгиленген форма боюнча өз долбоору тууралуу актуалдуу маалыматтарды толтурууга милдеттүү, анын ичинде:

  • долбоордун аталышы жана каржылоо булагы;
  • ишке ашыруу мөөнөтү;
  • долбоордук топтун курамы;
  • жетишилген жыйынтыктар жана аралык көрсөткүчтөр;
  • жарыяланган эмгектер жана отчеттук материалдар;
  • өнөктөштөр жана эл аралык кызматташтык тууралуу маалымат (эгер бар болсо);
  • долбоорду ишке ашыруунун каржылык жана уюштуруучулук аспектилери.

Бул отчеттуулук долбоордук ишмердүүлүктүн ачыктыгын камсыз кылууга, мөөнөттөрдү жана жыйынтыктарды көзөмөлдөөгө, ошондой эле университеттин илимий жана гранттык активдүүлүгү боюнча бирдиктүү маалымат базасын түзүүгө өбөлгө түзөт.

Маалыматтарды өз убагында жана так толтуруу долбоорлорду натыйжалуу башкаруунун жана эл аралык, илимий кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн милдеттүү шарты болуп саналат.

 

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар