И. Раззаков атындагы КМТУнун аспирантура жана докторантура бөлүмү
И.Раззаков атындагы КМТУнун аспирантура жана докторантура бөлүмү - университеттин жогорку квалификациялуу илимий кадрларын - илимдин кандидаттарын, докторлорун жана философия докторлорун (PhD) / тармактар боюнча докторлорун даярдоону уюштурууга жана координациялоого жооптуу түзүмдүк бөлүм болуп саналат. Бөлүмдүн негизги милдеттери төмөнкүлөрдү камтыйт: кабыл алууну уюштуруу, окуу жана илимий-изилдөө процессин координациялоо, аттестациялоо процесстерин уюштуруу жана документтештирүү, курстан курска которуу иштери, аспиранттардын, изденүүчүлөрдүн жана PhD докторанттардын диссертациялык иштеринин темаларын бекитүүгө даярдоо жана коомдук талкуулоого чыгаруу, аспирантуранын бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттарды даярдоо, PhD дипломун даярдоо жана тапшырууну уюштуруу, ошондой эле илимий кадрларды даярдоодо мамлекеттик стандарттардын сакталышын камсыз кылуу ж.б.
Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо бекитилген адистиктердин тизмеси боюнча жүргүзүлөт. Учурда илим кандидаттарын жана илим докторлорун даярдоо 53 адистик боюнча, ал эми философия докторлорун (PhD)/профили боюнча докторлорду даярдоо 19 багыт боюнча, анын ичинде 22 илимий-билим берүү программалары аркылуу ишке ашырылат. Аспирантурага, докторантурага жана PhD докторантурага кабыл алуу «Жогорку кесиптик билим берүүнүн жогорку окуу жайынан кийинки программалары боюнча илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жөнүндө» Жобого жана «Жогорку кесиптик билим берүүдөн кийинки PhD/профили боюнча докторантураны уюштуруу тартиби жана философия доктору (PhD)/профили боюнча доктору илимий даражасын ыйгаруу жөнүндө» Жобого ылайык жүргүзүлөт.
Аспирантура жана докторантура бөлүмү өз ишинде төмөнкү нормативдик-укуктук актыларды жетекчиликке алат:
– Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамы (2003-ж., өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен);
– Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүчү билим берүү уюму жөнүндө Жобо;
– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
– И. Раззаков атындагы КМТУнун Уставы.
– Кыргыз Республикасында кесиптик билим берүүнүн программаларын ишке ашыруунун түзүмү жана шарттары жөнүндө Жобо;
– Кыргыз Республикасынын «Илим жөнүндө” Мыйзамы (23.01.2026 -ж., №6);
– Кыргыз Республикасынын “Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жөнүндө Жобо (2024-жылдын 4-июлу, №358);
– Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы №637 токтому менен бекитилген илимий даражаларды ыйгаруу тартиби жөнүндө Жобо;
– И. Раззаков атындагы КМТУнун аспирантурасында, докторантурасында жана изденүүчүлүгүндө илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жөнүндө Жобо (2022-ж.);
– И. Раззаков атындагы КМТУнун PhD докторантурасына кабыл алуу, окутуу жана философия доктору (PhD)/тармак боюнча докторуокумуштуулук даражасын ыйгаруу жөнүндө Жобо (2026-ж.);
– И. Раззаков атындагы КМТУда философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторун даярдоо боюнча илимий-билим берүү программасы жөнүндө Жобо (2026-ж.);
– И. Раззаков атындагы КМТУнун PhD докторанттары үчүн билим берүү гранты жөнүндө Жобо (2026-ж.);
– И. Раззаков атындагы КМТУда PhD диссертациясын даярдоо боюнча нускама (2026-ж.);

