Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Аспирантурага кабыл алуунун шарттары


АСПИРАНТУРАГА КАБЫЛ АЛУУНУН ШАРТТАРЫ
Кыргыз Республикасынын жарандарын аспирантурага кабыл алуу конскурстун негизинде жүргүзүлүп, жогорку кесиптик билими бар окуу
жайларынын ээлери, илим-изилдөө иштеринде жөндөмдүүлүгүнө карата кабыл алынат. Аспиранттарды даярдоодо тандап алган илимий адистиктин
негизинде жана адистик номенклатурасынын багыты боюнча даярдалат.
Аспирантурага чет мамлекеттердин жана КМШ мамлекеттеринин жарандары акы төлөө келишимдин негизинде кабыл алынат.
Арызды кабыл алуу 1-октябрдан 30-октябрга чейин жүргүзүлөт.
КМТУнун ректорунун атына арыз жазылат (болжолдуу илимий жетекчинин кортундусу) жана төмөндөгү документтер тиркелет:
1.Иштеген жеринен кадырдан күбөлөндүрүлгөн өздүк баракча жана (3х4 /4даана) үлүдөгү сүрөт;
2.Өмүр баяны;
3.Адистин же магистрдин жогорку билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү  дипломунун көчүрмөсү жана ага карата тиркеме (КМШ мамлекеттер аралык
бирикменин жана чет өлкөдө билим алган жарандар анын ичинде ага тиешелүү дипломдун көчүрмөсү, ошондой эле КР ББжИ Министирлиги
тарабынан чет мамлекеттин документтерин дипломдун эквиваленттүүлүгүн тастыктаган күбөлүк берилет).
4.Иштеген жерин күбөлөндүргөн эмгек китепченин көчүрмөсү
5.Жарыяланган илимий иштеринин жана илимий иштеринин негизиндеги ойлоп табуулардын тизмеси болуусу зарыл.
6.Кандидаттык сынактарды тапшыргандагы тууралуу тастыктоочу күбөлүк (чет өлкөдө кандидаттык сынактарды тапшырган жарандар үчүн КР ББжИ
Министрлиги тарабынан кандидаттык сынактарды тапшыргандыгы тууралуу документтин колдонуу укуктуулугуна маалымкат көрсөтүүлөрү зарыл) талап
кылынат.
7.Болжолдуу илимий жетекчи менен аңгемелешүүнүн жыйынтыгы.
8.Аспирантурага тапшыруу тууралуу, факультет кеңешинде жана кафедра жыйынында протоколдун негизинде сунушталат.
Аспирантурага инсандыгын күбөлөндүргөн документти жана мамлекеттик үлгүдөгү дипломду жеке өзү (чет өлкөдө билим алган жарандарга дипломдун
эквиваленттүүлүгүн тастыктаган күбөлүк берилет) тапшыруусу керек.
9.Аспирантурага тапшырып жаткан жарандын рефераты, келечектеги болжолдуу илимий жетекчисине тандап алган диссертациянын багыты
боюнча бөлүмгө олуттуу топтоо бардык илимий иштеринин жыйынтыгы даярдоосу күбөлөндүрөт.
Кирүү сынактары
Аспирантурага кабыл алуу, конкурстук сынактардын жыйынтыгынын корутундусунун негизинде төмөнкүдөй тарыхы жана философия илими,
чет тилдер жана мамлекеттик тил жана адистик боюнча кирүү экзамендер жогорку окуу жайларда колдонулуп жаткан программанын негизинде
жүргүзүлөт. Кандидаттык сынактарды толугу менен же жарым-жартылай тапшыргандагы тууралуу тастыктоочу күбөлүгү бар жарандар тиешелүү
кирүү сынагынан бошотулушат.Аспирантурага бардык кирүү экзамендери 1-ноябрынан 30-ноябрына чейин мөөнөттө тапшырылат. Сынакты кайра
тапшырууга жол берилбейт. Кирүү сынактар календардык жылдын ичинде жарактуу болот. Бардык тапшыруучулар болжолдуу илимий жетекчиси
менен аңгемелешүүдөн өтүүгө милдеттүү.
Кабыл алуу
Аспирантурага кабыл алуу, конкурстук сынактардын жыйынтыгынын корутундусунун негизинде менен божомолдонгон илимий жетекчисинин,
ошондой эле кафедра башчысынын жана кабыл алуу комиссиясы жүйөлөштүрүлгөн чечими боюнча ар бир талапкерге жыйынтык чыгарат.
Ректордун буйругу менен жана адистике жараша кабыл алуу планына ылайык жүргүзүлөт. Кабыл алынып буйрук чыккан учурдан тартып,
аспирантурада көрсөтүлгөн мөөнөтү эсептелет. Аспирантурагы кабыл алынды деген чечим 15-декабрдан баштап жүргүзүлөт.