Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

КМТУнун Эндаумент фонду


Илимге болгон инвестиция - адамзаттын келечегине инвестиция

  

И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору Чыныбаев Мирлан Койчубековичтин кайрылуусу

Урматтуу Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин бүтүрүүчүлөрү жана достору,

2023 – жылы Исхак Раззаков атындагы КМТУ университети өнүктүрүүгө багытталган максаттуу капитал - Эндаумент-фондун түзгөн. Андагы акча каражаттары кол тийгис болуп саналат.  Эндаумент фонду университетибиздин көптөгөн жылдар бою динамикалуу ийгиликтүү өнүгүүсүнүн өбөлгөсү болуп саналат.

Алынган финансылык ресурстар жана инвестициялык кирешелер Исхак Раззаков атындагы КМТУнун өзгөчө статусу бар алдыңкы техникалык университет катары статусун бекемдөөгө багытталат. Университетти билим берүү кызматтарынын дүйнөлүк аренасына жайылтууга, алдыңкы билим берүү программаларын түзүүгө, илимий изилдөөлөрдү жана басмаканаларды колдоого, социалдык программаларды жана демилгелерди өнүктүрүүгө басым жасалат.

Биз Эндаумент механизми аркылуу университетибиздин келечектеги динамикалык прогрессинин бекем негиздерин түзүүгө умтулабыз. Биздин максат-КМТУнун жогорку статусун сактап калуу жана биз сиздердин - университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн жана досторунун колдоосуна ишенебиз. Кайрымдуулуктун көлөмүнө карабастан, ар бириңиздин Эндаументке салым кошуу мүмкүнчүлүгүңүз бар, бул биздин өлкөнүн инженердик жана техникалык элитасынын келечектеги муундарынын ийгилигине олуттуу кадам болот. И.Раззаков атындагы КМТУнун бүтүрүүчүлөрүн жана досторун  эндаумент-фондун көбөйтүүгө катышып, университетибиздин өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошууга чакырабыз

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору

Чыныбаев Мирлан Койчубекович

КМТУнун Эндаумент фондун түзүүнүн миссиясы жана максаттары

КМТУнун  Эндаумент фонду уничерситеттин ишмердүүлүгүн колдоо, финансылык туруктуулукту камсыз кылуу жана узак мөөнөттүү келечекте өнүгүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат. Эндаумент университеттин жашоосунун ар кандай аспектилерин каржылайт, анын ичинде билим берүү программалары, илимий изилдөөлөр, студенттик стипендиялар, инфраструктуранын жаңыртылышы, профессордук-окутуучулук курамды колдоо, ошондой эле билим берүүнүн сапатын жакшыртууга жана студенттер менен илимий кызматкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган көптөгөн башка демилгелер.

КМТУнун Эндаумент фондун түзүүнүн максаты:
- КМТУнун социалдык-экономикалык өнүгүү шарттарын жакшыртууга көмөктөшүү;
- илимдин, өндүрүштүн жана бизнестин өз ара аракеттенүүсүнө көмөктөшүү;
- КМТУ менен анын бүтүрүүчүлөрүнүн ортосундагы тыгыз байланыштарды түзүүгө түздөн-түз катышуу;
- КМТУнун мыкты салттарын сактоого жардам берүү;
- илимди, билим берүүнү жана өндүрүштү кайра жаратууга багытталган региондук жана республикалык программаларды ишке ашырууга колдоо көрсөтүү;
- КМТУнун материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- университеттин илим жана техника ишмерлеринин илимий жетишкендиктерин пропагандалоого катышуу, иштеп чыгууларды өндүрүшкө киргизүүгө көмөктөшүү.
- КМТУнун бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштурууга көмөктөшүү;
- университеттин, Республиканын жана чет өлкөлөрдүн коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдары менен өз ара байланышын бекемдөөгө колдоо көрсөтүү.
- КМТУнун окутуучуларынын, жаш окумуштууларынын жана студенттеринин илимий-педагогикалык стажировкаларын каржылоого көмөктөшүү.