Илимий иштер боюнча проректор

Элеманова Римма Шукуровна
Илимий иштер боюнча проректор

Билими:

1993-1999-жж. – КМТУ, «Консервалар жана концентраттар технологиясы» адистиги, квалификациясы «дипломдуу инженер»

2015-ж. — 05.18.01 – Дан эгиндерин, буурчак өсүмдүктөрүн, акшак азыктарын, мөмө-жемиштерди жана жүзүмчүлүктү иштетүү, сактоо, кайра иштетүү технологиясы жана 05.18.04 – Эт, сүт, балык азыктары жана муздатуучу өндүрүштүн технологиясы адистиктердин техника илимдеринин кандидаты

2019-ж. — технология доценти

2024-ж. – 05.18.04 – Эт, сүт, балык азыктары жана муздатуучу өндүрүштүн технологиясы адистиги боюнча техника илимдеринин доктору

 

Эмгек ишмердиги:

И.Раззаков атындагы КМТУ

2025-ж. 19-декабрынан тартып илимий иштер боюнча проректор

2025-ж. тартып «Тамак-аш илими жана технологиялар» кафедрасынын профессору

2024-2025 жж. - «Тамак-аш илими жана технологиялар» кафедрасынын башчысы

2020-2024 жж. – окуу иштери боюнча проректор

2017-2020-жж. – «Консервалоо технологиясы» кафедрасынын башчысы

2016-2017-жж. – КМТУнун Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы 

2016-2017-жж. – ТФ окуу иштери боюнча декандын жардамчысы 

2015-2024-жж. - «Консервалоо технологиясы» кафедрасынын доценти

2013-2016-жж. –ТФ СИИИ боюнча декандын жардамчысы, ИИИ боюнча декандын жардамчысы 

2007-2015-жж. – химия кафедрасынын улук окутуучусу 

2007-2008-жж. - ТФ тарбия иштери боюнча декандын жардамчысы 

2006-2007-жж. - химия кафедрасынын окутуучусу

2005-2006-жж. - химия кафедрасынын лабораториялар башчысы 

2001-2005-жж. - химия кафедрасынын окуу мастери 

2000-2001-жж. - химия кафедрасынын улук лаборанты 

 

Илимий-изилдөө иши:

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Химиялык-технологиялык илимий-изилдөө институтунун тамак-аш бөлүмүнүн кенже илимий кызматкери (2011-2015-жж.), жетектөөчү илимий кызматкери (2019-2021-жж.).

Илимий долбоорлор:

2024-2025-жж. - "Талас облусунун төө буурчагынын негизинде белок пастасынын технологиясын иштеп чыгуу" темасы боюнча колдонмо изилдөөлөр фондунун алкагында Грант, Германиялык эл аралык кызматташтык коому (GIZ)

2022-2023-жж. - "Хайнактын сүт сары суусун мембраналык технологияларды колдонуу менен кайра иштетүүнүн негизинде сүт-өсүмдүк функционалдык тамак-аш азыктарынын технологиясын иштеп чыгуу" темасы боюнча колдонмо изилдөөлөр фондунун алкагында Грант, Германиялык эл аралык кызматташтык коому (GIZ)

2021-ж. - Хайнак сүтүн изилдөө боюнча Мини-грант, Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) 

2019-2021-жж. - "Сүттү комплекстүү кайра иштетүүнүн негизинде дизайнердик тамак-аш азыктарынын курамын жана касиеттерин калыптандыруунун илимий-практикалык негиздери" темасы боюнча КР ББжИМ илимий гранты, Мамкаттоо номуру 0007652 

2015-2016-жж. - "Тамак-аш азыктары - инновациялык технологиялар жана рецептуралар" темасы боюнча КР ББжИМ илимий гранты 

2013-2014-жж. - "Атайын багыттагы тамак-аш продуктулардын курамын долбоорлоо жана технологиясын иштеп чыгуу", темасы боюнча КР ББжИМ илимий гранты, Мамкаттоо номуру 0001412 

70тен ашык илимий жана методикалык эмгектердин, анын ичинде КР ойлоп табууга 8 патенттин автору.

 

Долбоордук ишмердиги:

2025-жылдан тартып - Эл аралык Erasmus+ долбоору «Greening water education for sustainable development in Central Asia»

2023-2025-жж. - Эл аралык Erasmus+ долбоору «Development of Financial Autonomy of Universities in Kyrgyzstan»

2023-2024-жж. - GIZ колдоосу менен долбоору "Докторантурага басым жасоо менен БА ЖОЖдорунда тамак-аш илими жаатында изилдөө потенциалын өнүктүрүү"

2023-ж. - GIZ колдоосу менен долбоору "Тамак-аш технологиялары чөйрөсүндө кооперативдик жогорку билим берүүнүн институционалдык формаларын түзүү"

2019-2022-жж. - Эл аралык Erasmus+ долбоору “The Development of Doctoral Education and Research Capacities of Kyrgyzstan Academia”

2017-2024-жж. - КМТУда PhD докторантура программасын ишке киргизүү боюнча долбоор 2016-2019 - жж. - Эл аралык Erasmus+ долбоору "Тамак-аш азыктарын өндүрүү системалары жана стандарттары үчүн жогорку билим"

Чет өлкөлөрдө илимий жана окуу стажировкаларын өткөн (Латвия, Литва, Польша, Германия, Япония, Словакия жана башкалар).

КМТУнун Ардак Грамотасы (2008-ж., 2010-ж.), КР ББжИМ Ардак Грамотасы (2014-ж.), «И.Раззаков ат. КМТУнун жылдын мыкты улук окутуучусу» диплому (2014-ж), «Акыл Тирек» республикалык илимий конкурсунун дипломанты (2015-ж., 2016-ж.), И.Раззаков ат. КМТУнун жылдын мыкты доценти (2018-ж.), КР ББжИМ ыраазычылыгы (2020-ж.), КР Билим берүү мыктысы (2023-ж.)

 

Илимий-метрикалык маалымат базаларындагы профилдер:

ResearcherID, Web of Science: Rimma R Elemanova - Web of Science Core Collection
ORCID: 0000-0002-2974-958X
Scopus Author ID: 
РИНЦ AuthorID: SPIN-код: 5916-8640, AuthorID: 936267
Академия Google профили: Римма Элеманова
researchgate.net


Кабинет: 1/279

e-mail: elemanova@kstu.kg

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар