Мусаева Айгул Кумоновна
Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысы
Билими:
22.08.1977–16.07.1982-жж. — СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
Эмгек стажы:
01.02.2016–азыркы убакка чейин — Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн начальниги
02.09.2008–01.11.2013-жж. — «Монтажник» ЖЧКсынын кадрлар бөлүмүнүн начальниги
18.05.1993–02.06.2008-жж. — «Акжолтой» ААКсынын кадрлар бөлүмүнүн начальниги
16.10.1991–18.05.1993-жж. — Бишкек автожол техникуму, кыргыз тили окутуучусу, кошумча кадрлар бөлүмүнүн инспектору
22.09.1986–16.10.1991-жж. — Бишкек жүргүнчү автопаркы №3, кадрлар бөлүмүнүн инспектору
04.05.1983–01.11.1985-жж. — Кыргыз ССРинин Соода-өнөр жай палатасы, эл аралык көргөзмөлөр боюнча улук консультант
Кесиптик билими жана көндүмдөрү:
Кадрлар бөлүмүнүн ишин уюштуруу: иштерди жана учурдагы персоналды талдоо, кадрларга болгон муктаждыкты пландаштыруу жана баалоо, окутууга болгон муктаждыкты аныктоо, кадрларды издөө жана тандоо, жаңы кызматкерлерди адаптациялоо, кызматкерлерди мотивациялоо системасын иштеп чыгуу, кызматтык нускамаларды жана ички эмгек тартибинин эрежелерин иштеп чыгуу жана киргизүү, персонал менен иштөө боюнча жоболорду, корпоративдик маданият кодексин жана кадр саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, аттестация өткөрүү, кадрдык эсеп системасын иштеп чыгуу жана жүргүзүү, эмгек рыногун талдоо, штаттык расписаниени түзүү, кызматкерлердин иш убактысын эсепке алуу, кесиптик карьераны пландаштыруу, персоналдын ишинин натыйжалуулугун баалоо, компаниянын өнүгүү максаттарына жана кадр саясатынын багыттарына ылайык персонал менен ишти уюштуруу, корпоративдик иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү.
Кадрдык документтерди жүргүзүү, жумушка кабыл алуу жана бошотуу, аттестациялык комиссияларды уюштуруу жана өткөрүү. Кызматкерлер менен эмгек келишимдерин түзүү. Мезгил-мезгили менен кадрдык отчетторду даярдоо.
Мамлекеттик жана жеке түзүмдөр менен ишкердик кат алышуу тажрыйбасы. Иш кагаздарын кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүү.

