Илим жана инновациялар департаменти
ДЕПАРТАМЕНТТИН МАКСАТТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
Илим жана квалификацияны жогорулатуу департаменти И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
Департамент өз ишмердүүлүгүн Университетте бирдиктүү окуу-илимий-өндүрүштүк комплекс катары ишке ашырат жана түздөн-түз илимий иштер боюнча проректорго баш ийет.
Департаменттин компетенциясына Университеттин кызматкерлеринин жана билим алуучуларынын илимий-изилдөө, илимий-өндүрүштүк ишмердүүлүгүн уюштуруу, пландоо жана көзөмөлдөө, ошондой эле кошумча кесиптик билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу программаларын ишке ашыруу кирет.
Департамент билим берүүнү, илимди жана өндүрүштү интеграциялоо үчүн натыйжалуу илимий-инновациялык системаны түзүүгө багытталган Университеттин илимий-инновациялык ишмердүүлүгүн стратегиялык өнүктүрүү саясатын ишке ашырат.
Департаментти жогорку кесиптик билими, окумуштуулук даражасы жана Университетте кеминде 10 жылдык иш тажрыйбасы бар директор башкарат.
ДЕПАРТАМЕНТТИН НЕГИЗГИ МИЛДЕТТЕРИ
Департаменттин негизги милдеттери төмөнкүлөр:
- Илимий, билим берүү жана өндүрүштүк ишмердүүлүктүн бирдиктүүлүгүн жана өз ара байланышын камсыз кылуу.
- Кафедралардын, филиалдардын жана жалпы Университеттин илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн уюштуруу жана өткөрүү.
- Илимий-изилдөө иштеринин келечектүү багыттарын аныктоо жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу.
- Илимий мектептердин калыптанышынын жана өнүгүшүнүн негизи катары фундаменталдык изилдөөлөрдү артыкчылыктуу өнүктүрүү.
- Илимий конференцияларды жана башка илимий иш-чараларды пландоо, уюштуруу жана алардын жыйынтыгын чыгаруу.
- Студенттердин жана магистранттардын илимий-изилдөө иштерин (СИИИ) пландоо, координациялоо жана талдоо.
- Билим алуучулардын жана кызматкерлердин инновациялык ишмердүүлүгүн колдоо үчүн Бизнес-инкубатордун жана Стартап-мектептин ишин уюштуруу.
- Илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктарын коммерциялаштыруу, технологияларды трансферттөө жана стартап-долбоорлорго катышуу.
- Эл аралык илимий-техникалык кызматташтыкты кеңейтүү.
- Семинарларды, тренингдерди жана квалификацияны жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо курстарын уюштуруу жана өткөрүү.
- Адистердин илимдеги акыркы жетишкендиктер жөнүндө билимдерди алуу жана тереңдетүү муктаждыктарын канааттандыруу.
- Университеттин кызматкерлеринин алдыңкы жогорку окуу жайларында жана илимий борборлорунда стажировкадан өтүүсүн уюштуруу.
- Илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн жана кошумча билим берүүнү андан ары өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо жана ишке ашыруу.
- Диссертациялык жана башка илимий-изилдөө иштерин плагиатка (башкалардан алууларга) текшерүү.

