Илим жана квалификацияны жогорулатуу департаменти

ДЕПАРТАМЕНТТИН МАКСАТТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

Илим жана квалификацияны жогорулатуу департаменти И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

Департамент өз ишмердүүлүгүн Университетте бирдиктүү окуу-илимий-өндүрүштүк комплекс катары ишке ашырат жана түздөн-түз илимий иштер боюнча проректорго баш ийет.

Департаменттин компетенциясына Университеттин кызматкерлеринин жана билим алуучуларынын илимий-изилдөө, илимий-өндүрүштүк ишмердүүлүгүн уюштуруу, пландоо жана көзөмөлдөө, ошондой эле кошумча кесиптик билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу программаларын ишке ашыруу кирет.

Департамент билим берүүнү, илимди жана өндүрүштү интеграциялоо үчүн натыйжалуу илимий-инновациялык системаны түзүүгө багытталган Университеттин илимий-инновациялык ишмердүүлүгүн стратегиялык өнүктүрүү саясатын ишке ашырат.

Департаментти жогорку кесиптик билими, окумуштуулук даражасы жана Университетте кеминде 10 жылдык иш тажрыйбасы бар директор башкарат.

ДЕПАРТАМЕНТТИН НЕГИЗГИ МИЛДЕТТЕРИ
Департаменттин негизги милдеттери төмөнкүлөр:

  1. Илимий, билим берүү жана өндүрүштүк ишмердүүлүктүн бирдиктүүлүгүн жана өз ара байланышын камсыз кылуу.
  2. Кафедралардын, филиалдардын жана жалпы Университеттин илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн уюштуруу жана өткөрүү.
  3. Илимий-изилдөө иштеринин келечектүү багыттарын аныктоо жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу.
  4. Илимий мектептердин калыптанышынын жана өнүгүшүнүн негизи катары фундаменталдык изилдөөлөрдү артыкчылыктуу өнүктүрүү.
  5. Илимий конференцияларды жана башка илимий иш-чараларды пландоо, уюштуруу жана алардын жыйынтыгын чыгаруу.
  6. Студенттердин жана магистранттардын илимий-изилдөө иштерин (СИИИ) пландоо, координациялоо жана талдоо.
  7. Билим алуучулардын жана кызматкерлердин инновациялык ишмердүүлүгүн колдоо үчүн Бизнес-инкубатордун жана Стартап-мектептин ишин уюштуруу.
  8. Илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктарын коммерциялаштыруу, технологияларды трансферттөө жана стартап-долбоорлорго катышуу.
  9. Эл аралык илимий-техникалык кызматташтыкты кеңейтүү.
  10. Семинарларды, тренингдерди жана квалификацияны жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо курстарын уюштуруу жана өткөрүү.
  11. Адистердин илимдеги акыркы жетишкендиктер жөнүндө билимдерди алуу жана тереңдетүү муктаждыктарын канааттандыруу.
  12. Университеттин кызматкерлеринин алдыңкы жогорку окуу жайларында жана илимий борборлорунда стажировкадан өтүүсүн уюштуруу.
  13. Илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн жана кошумча билим берүүнү андан ары өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо жана ишке ашыруу.
  14. Диссертациялык жана башка илимий-изилдөө иштерин плагиатка (башкалардан алууларга) текшерүү.

 

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар