Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Илим жана инновациялар департаменти


Илим жана инновациялар департаменти (ИИД) И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин структуралык бөлүмү болуп саналат. Илимий изилдөөлөрдү, инновацияларды уюштуруу жана жогорку квалификациядагы илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жаатында университеттин ишмердүүлүгүн пландаштырууну жана контролдоону ишке ашырууда.

Илимий жана инновациялык ишмердүүлүктөгү стратегиялык максат

Жаңы билимдерге ээ болууга, заманбап технологияларды, прикладдык чечимдерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү үчүн ийкемдүү өзүн-өзү өнүктүргөн натыйжалуу илимий-техникалык жана инфраструктуралык чөйрөнү калыптандырууга, илимий мектептерди өнүктүрүүгө жана билим берүүнү өркүндөтүүгө көмөктөшүүчү илимий инновациялык университетке айландыруу. илимий кадрларды даярдоонун системасы

     Департаменттин негизги милдеттери:

  • илимий, билим берүү жана өндүрүштүк ишмердиктин биримдигин жана өз ара байланышын камсыз кылуу.
  • кафедралардын, филиалдардын жана бүтүндөй университеттин илимий-изилдөө иштерин уюштуруу жана жүргүзүү.
  • окумуштуулардын жана жаш изилдөөчүлөрдүн чыгармачылык, инновациялык жана илимий-изилдөө ишинин натыйжаларын коммерциялаштыруу;
  • илимий мектептерди жана алдыңкы илимий коллективдерди түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн негизи катары фундаменталдык изилдөөлөрдү артыкчылыктуу өнүктүрүү.
  • илимий конференцияларды пландаштыруу, уюштуруу, мониторинг жүргүзүү жана жыйынтыктоо, анын ичинде маалыматтык материалдарды даярдоо жана басып чыгаруу;
  • башкаруу, координациялоо, мониторинг жүргүзүү, талдоо, маалымат базасын түзүү, илимий-изилдөө жана өнүктүрүү боюнча жылдык отчеттордун рейтинги боюнча профессордук-окутуучулук курамдын, институттардын, жогорку окуу жайлардын, филиалдардын, бүтүндөй университеттин;
  • студенттердин жана магистрлердин илимий-изилдөө иштерин пландаштыруу, координациялоо, талдоо, илимий иштерди жүргүзүү жана анын жыйынтыгын чыгаруу үчүн ченемдик-материалдык камсыздоону уюштуруу;
  • мамлекеттик заказ боюнча изилдөөлөрдү пландаштыруу, мониторинг жүргүзүү жана натыйжаларын чыгарууга катышуу, ИТКнын жыйналыштарын даярдоо жана өткөрүү, Кыргыз Республикасынын министрлигинин жылдык отчетторун түзүү жана даярдоо;
  • Университетте жана анын филиалдарында илимий мектептерди, илимий-изилдөө институттарын жана илимий лабораторияларды түзүү, өнүктүрүү жана аларга жетекчилик кылуу боюнча иштерди уюштуруу жана жүргүзүү;
  • илимий иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү (конгресстер, конференциялар, симпозиумдар, тегерек столдор, коллоквиумдар, семинарлар, вебинарлар);
  • илимий кызматкерлердин, студенттердин жана жаш окумуштуулардын арасында илимин өнүктүрүү; алардын санариптик трансформациясына ыңгайлашуусу;