Кыргызский Государственный Технический Университет им. И. Раззакова

Факультет транспорта и машиностроения


Факультет твоей мечты

 

Унаа жана машине куруу факультети

Транспорт жана машине куруу факультети университетте эң алгачкы факультеттерин бири. Ал 1954-жылы механика-технологиялык факультети катары уюшулган.
Факультети 2010-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги, Эл аралык педагогикалык билим берүү академиясынын академиги (МАНПО), КР Ардактуу автоунаачысы, профессор, декан  Маткеримов Таалайбек Ысманалиевич жетектеп келет.
Азыркы кундө унаа жана машине куруу факультети 7 кафедраны өзүнө камтыйт жана анын ичинде 6 кафедра жогорку билимдуу адистерди бүтүрөт. Кафедралардын курамында жогорку квалификациялуу окутуучулар (илимдин 15 докторлору, 32 илимдин кандидаты) эмгектенишет. Заманбап жана жетиштүү материалдык-техникалык базалар жана жогорку илимий-техникалык жана педагогикалык деңгээлдеги окутучулар курамы мыкты адистерди даярдоого мүмкүндүк берет.
 Факультеттин кафедралары төмөнкү багыттар жана адистиктер боюнча боюнча кесипкөй адистерди даярдайт:

Автоматташтыруу, робототехникасы жана мехатроника кафедрасы:

700300 Технологиялык процесстерди жана тармактарды автоматташтыруу;
700500  Мехатроника жана робототехника.

Авто унаа кафедрасы:

670200 "Транспорт жана технологиялык машиналарды жана комплекстердин иштеши"

Окуу профилдери:

- автоунаалар жана автомобиль чарбасы;
- автоунаа сервисы;
- аба транспорту үчүн жер транспорту үчүн транспорттук жана технологиялык машиналарды эксплуатациялоо;

 Инженердик педагогика кафедрасы:

 550800 Кесиптик билим берүү (тармак боюнча);
550500 Технологиялык билим берүү (тармак боюнча).

Ташууларды уюштуруу жана кыймыл коопсуздугу кафедрасы:

670300 "Унаалык процесстердин технологиясы"

Окуу профилдери:

- Унаада жүк ташууну уюштуруу жана башкаруу;
- Жол кыймылынын коопсуздугун уюштуруу;
- Транспорт логистикасы;
- Унаадагы бажы кызматы;
- Эл аралык жүк ташуу.

К. Курманалиев атындагы Полиграфия кафедрасы:

740800 «Маалыматтык системалар жана технологиялар»:

Окуу профилдери:

- Медиа өндурушундөгу маалыматтык тутумдар жана технологиялар;
- Таңгактоо конструкциясы жана дизайны.
740600 «Полиграфия технологиясы жана тангактоо өндурушу»

 Машине куруунун технологиясы кафедрасы:

650300 "Машине куруу":

Окуу профилдери:

- Машине куруунун технологиясы жана менеджменти;
- Өндүрүштүк инженерия.
650100 "Материалдарды таануу жана материалдардын технологиясы"

Окуу профилдери:

- Конструкциялык материалдардын технологиялары;
- Конструкциялык материалдарды кайра иштетүү.

"Инженердик жана компьютердик графика" кафедрасы

КМТУга кирген бардык инженердик багыттагы студенттерге "Инженердик жана компьютердик графика"  жана  "Сызма геометрия жана инженердик графика" сабактарын өткөрөт.
Дареги: Бишкек, Ч. Айтматова 66
Башкы корпус, кеңсе 1/204
Телефон: 0312 54-51-24