Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Кафедранын тарыхы


Кафедранын тарыхы

Өткөн кылымдын 60-чы жылдарынын аягында электроника приборлор жана методдор түрүндө илимий изилдөөлөрдүн жана өндүрүштүн эффективдүүлүн жогорулатууну камсыз кылуу менен илимдин жана техниканын ар кандай жааттарында өтө тездик менен киргизиле башталды. Бул ФПИден ылайыктуу инженердик кадрларды чыгарууну талап кылды. Ушуга байланыштуу 1968 жылы “Электроника жана эсептөө техникасы” аталыштагы кафедра уюшулган. 1976 жылы “Электроника жана эсептөө техникасы” кафедрасынын базасында “АБС жана ЭТ” жана “Радиоэлектроника” кафедралары түзүлгөн. “Радиоэлектроника” кафедрасы 11 жыл бою жалпы инженердик катары электротехникалык эмес профилдеги факультеттердин студенттерине электрониканын негиздерин окутууну камсыз кылды. о.э энергетикалык факультеттин студенттерине радиотехникалык сабактарды берген.

Республиканын радиоинженерлерге муктаждыгы чоң болгондугуна байланыштуу 1987 жылдан баштап Т25.308. “Радиоэлектрондук каражаттардын технологиясы  жана долбоорлоо” адистиги боюнча бүтүрүүчү кафедра болгон. 1996 жылдан баштап кафедра “Радиоэлектроника жана телекоммуникациялар” болуп аталган.

1993 жылдан баштап кафедра Т-25 “Радиотехника” жана Т-04 “Телекоммуникациялар” багыттарынын Т25.308. “Радиоэлектрондук каражаттардын технологиясы  жана долбоорлоо”, Т-04.309 “Радиобайланыш, радиоуктуруу жана телекөрсөтүү” жана Т-04.311 “Байланыш тармактары жана коммутация системалары” адистиктерин даярдай баштаган. 2000 жылы кафедра экиге бөлүнгөн – “Телекоммуникациялар” жана “Радиоэлектроника” жана алар КМТУнун жаңы өз алдынча бөлүмү – Телекоммуникация бөлүмүнүн курамына кирген.

2003 жылдан баштап кафедра 552501.01 «Радиотехника», 550401.02 “Радиобайланыш, радиоуктуруу жана телекөрсөтүү” жана 550401.05 «Кыймылдуу объекттер менен байланыш каражаттары» адистиктери боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдай баштады.

2011 жылы Телекоммуникация бөлүмү Электроника жана телекоммуникация институтуна кайра түзүлүп, кафедра бул институттун курамында 690300 – Маалымат коммуникациялык технологиялар жана байланыш системалары (“Мобилдик байланыш системалары жана радиокирүү” жана “Санариптик телекөрсөтүү жана үн уктуруу” профилдери) жана 690200 - «Радиотехника» («Радиотехника» профили) багыттары боюнча бакалаврларды жана магистрлерди даярдай баштады.

Кафедраны башкарышкан:

1968 - 1980 ж.ж. - доцент, т.и.к. Осмонов М.К.

1980 - 1983 ж.ж. - доцент, т.и.к. Акказиев И.А.

1983 - 1988 ж.ж. - доцент, т.и.к. Базарбаева Т.Г.

1989 - 1993 ж.ж. - доцент, т.и.к. Исмаилов Б.И.

1993 - 1996 ж.ж. - доцент, т.и.к. Садыков К.С.

1996 - 2000 ж.ж. - доцент, т.и.к. Жумабаев М.М.

2000 - 2003 ж.ж. - доцент, т.и.д. Сагымбаев А.А.

2003 – 2004 ж.ж.- улуу окут. Токонов А.Т.

2004 – 2014 ж.ж. – доцент, т.и.к. Каримов Б.Т.

2014 жылдан баштап доцент, т.и.к. Кармышаков А.К.