Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы
"Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы" (ЖӨЖБТ) кафедрасы Кыргыз Республикасында текстиль жана жеңил өнөр жайы үчүн адистерди даярдоо боюнча 740700 – "Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо" (квалификациясы: "бакалавр, магистр") багыты боюнча жетектөөчү болуп саналат.
Кафедра 7-сентябрь 1989-жылы "Тигилүүчү буюмдардын технологиясы жана конструкциялоо" деген ат менен түзүлгөн жана "инженер-технолог-конструктор" квалификациясынын адистерин даярдаган. Кафедранын түптөлүшүнө техника илимдеринин доктору, профессор, илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Иманкулова Айым Сатаровнанын эмгеги зор.
1990-жылы кафедранын алдында жаңы адистиктер ачылган:" трикотаж өндүрүшүнүн технологиясы"," булгаарыдан жасалган буюмдардын технологиясы жана конструкциялоо","булгаары жана мех технологиясы".
1991-жылы бул адистиктер өз алдынча "Булгаары жана мех технологиясы". Булгаарыдан жасалган буюмдардын технологиясы" кафедрасы болуп болунгон.
1994-жылы "Булгаары жана мех технологиясы. Булгаарыдан жасалган буюмдардын технологиясы" жана «Тигилүүчү буюмдардын технологиясы жана конструкциялоо"кафедралары биригип "Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы" (ЖӨЖБТ) болуп аталган .
1995-жылы сүрөтчү-модельерлерди даярдоого багытталган "Буюмдарды көркөм долбоорлоо" адистиги ачылган. 2009-жылы анын негизинде өз алдынча "Буюмдарды көркөм долбоорлоо"кафедрасы түзүлгөн.
Кафедранын жамааты жогорку квалификациялуу адистер тарабынан түзүлгөн жана олуттуу илимий-педагогикалык потенциалга ээ. Негизги окутуучулар курамына Москва, Санкт-Петербург, Улан-Удэ, Шахта, Ташкент университеттеринин бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле КМТУнун бүтүрүүчүлөрү кирет.
Билим берүү процессин ишке ашырууга Россия Федерациясынын жана Германиянын алдыңкы ЖОЖайларынан 5 профессор тартылган, бул окуучуларды даярдоонун сапатын жогорулатууга, эл аралык академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана окуу процессине алдыңкы билим берүү жана илимий тажрыйбаларды киргизүүгө өбөлгө түзөт.
740700 "Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо" багытынын алкагында бакалаврларды даярдоонун төмөнкү профилдери ишке ашырылат:
* Тигүү буюмдарын конструкциялоо;
* Тигүү буюмдарынын технологиясы;
* Текстиль жана булгаары технологиясы;
* Текстиль жана жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана долбоорлоо.
"Текстиль жана булгаары технологиясы" билим берүү программасы Цвикау шаарындагы (Германия) Батыш -Саксон колдонмо илимдер университети менен биргеликте иштелип чыккан жана Кыргыз-Герман техникалык институтунун базасында ишке ашырылууда. Окуу процессинде студенттер немис тилин тереңдетип үйрөнүү, семестрдик окуудан жана өндүрүштүк практикадан Германияда өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, бул жогорку деңгээлдеги кесиптик жана маданияттар аралык даярдыкты камсыз кылат.
Магистратура боюнча адистерди тереңдетилген илимий-изилдөө жана долбоорлоо-технологиялык даярдоого багытталган "Текстиль жана жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана долбоорлоо" билим берүү программасы ишке ашырылат.
Кафедранын студенттеринин контингенти 274 бакалавриат студенттери жана 9 магистранттарды түзөт.
Кафедрада атайын жабдуулар жана окутуунун техникалык каражаттары менен жабдылган 9 заманбап окуу лабораториясы бар: лицензияланган Grafis 12 программалык камсыздоосу бар компьютердик класстар, плоттер, интерактивдүү панелдер, заманбап тигүү жабдуулары, ошондой эле материалдардын касиеттерин изилдөө жана аныктоо үчүн приборлор ж. б.
Кафедрада жеңил өнөр жайды өнүктүрүүнүн актуалдуу багыттары боюнча илимий-изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо аспирантура аркылуу жүргүзүлөт, бул кафедранын илимий потенциалын өнүктүрүүгө жана академиялык мектебин чыңдоого өбөлгө түзөт.
2025-жылдан баштап кафедра 742000 "Керектөөчү товарлардын технологиясы" багытындагы PhD докторанттарды "Текстиль жана жеңил өнөр жай буюмдарын өндүрүү технологиясы"илимий-билим берүү программасы боюнча даярдайт. Бул тармак жана академиялык чөйрө үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоонун келечегин ачат.
Учурда билим берүү технологияларын өркүндөтүү, окуу программаларын жаңылоо жана кафедранын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча системалуу иштер жүргүзүлүүдө.
2020-жылдан бери кафедранын алдында "Кадрлар индустриясы" жеңил өнөр жай окуу борбору иштейт, ал эл аралык соода борбору (ITC) тарабынан ишке ашырылып, Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган, Глобалдык текстиль жана тигүү программасынын (GTEX) техникалык колдоосу менен түзүлгөн.
Борбор жаңы технологияларды жана окутуунун заманбап ыкмаларын колдонуу менен жеңил өнөр жай кадрларын кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну жүзөгө ашырат.

