Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Санариптештирүү боюнча проректор


Маданбеков Нуржан Жоломанович
Санариптештирүү боюнча проректор

Билими:

Техника илимдеринин кандидаты (Ph.D), декабрь 2005-ж., доцент, 2008-ж., Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети  (КМКТАУ)

Инженер-куруучу, сентябрь 1988-ж. – июнь 1993-ж. (артыкчылык диплому менен), Кыргыз архитектуралык-курулуш институту, Бишкек, Кыргызстан

Эмгек ишмердиги:

КМКТАУнун окуу иштери боюнча проректору (биринчи проректор), сентябрь 2021-ж. –2022-ж;

КМКТАУнун  илимий иштер боюнча проректору, май 2010-ж. – сентябрь 2021-ж.;

«Автоунаа жана темир жолдор, көпүрөлөр жана туннелдер» каферасынын профессордун милд.атк., ноябрь 2018-ж. - азыркы учурда;

«Автоунаа жана темир жолдор, көпүрөлөр жана туннелдер» каферасынын доценти, сентябрь 2004-ж. – ноябрь 2018-ж.;

КМКТАУнун окуу башкармалыгынын башчысы, август 2006-ж. – май 2010-ж.

КМКТАУнун окуу башкармалыгынын башчысы, февраль 2003 г. – сентябрь 2004г.

«АЖжКК» каф. доценттин милд.атк, октябрь 2002-ж. – февраль 2003-ж.;

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети  (КМКТАУ) «ЖКК» каф. улук окутуучу декабрь 1997-ж. – октябрь 2002-ж.;

ДББ директорунун орун басары, декабрь 1997-ж. – апрель 1998-ж.,

«ЖКК» каф.окутуучусу, октябрь 1994 -ж. – декабрь 1997-ж.;

Кыргыз архитектуралык-курулуш институтунун (КАКИ) «АЖК» каф.стажер-окутуучусу, сентябрь 1993-ж. – октябрь 1994-ж.;

Илимий-изилдөө ишмердүүлүгү:

Тоолуу аймактарда автоунаа жолдорун долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо. 2 техника илимдеринин кандидаттарын даярдап чыгарган, 5 аспиранттын илимий жетекчиси.

Басылмалары:

Жарыяланган илимий жана окуу-усулдук эмгектери: бардыгы – 60 ашуун, монографиялар – 3.

Сыйлыктары:

КР коргоо министрлигинин Ардак грамотасы, 1998;

КР транспорт жана коммуникация министрлгинин Ардак грамотасы, 2008;

КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын Ардак грамотасы, 2012;

КР жогорку аттестациялык комиссиянын Ардак грамотасы КР, 2017;

 Бишкек шаардык кенешинин Ардак грамотасы, 2019;

КР билим берүүсүнүн отличниги, 2007;

 КР билим берүү жана илим профсоюздук кыймылынын отличниги, 2009;

«Кыргыз тили» төш белгиси, 2015;

 КР «Ардактуу жолчу» төш белгиси, 2017.

Илимий-метрикалык маалымат базаларындагы профилдер:

1. ORCID: 0000-0003-3126-7237 
2. ScopusID:  57224199028 
3. ResearcherID Web of Science:  HNB-8393-2023 
4. Google Scholar: Нуржан Маданбеков 
5. РИНЦ: SPIN-код: 1445-0108, AuthorID: 857923


e-mail: madanbekov@kstu.kg