Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Эл аралык байланыш


"Жеңил өнөр жай буюмдарынын  технологиясы" кафедрасынын эл аралык ишмердүүлүгү»

Эл аралык кызматташтык  колдонмо илимдер боюнча Цвиккау Батыш-Саксонскдук университети (Германия) жана Швейцариянын Өкмөтү тарабынан каржыланган текстиль-тигүү тармагындагы (GTEX) боюнча Глобалдык программасы, Кыргызстанда Эл Аралык Соода Борбору (ITC) тарабынан ишке ашырылып жаткан Сооданы Илгерилетүү Программасы "Жеңил өнөр жай буюмдарынын  технологиясы" (ЖӨЖБТ) кафедрасында натыйжалуу менен жүзөгө ашырылып келет. Кыргыз Республикасында Сооданы Илгерилетүү Программасы Швейцариянын Өкмөтү тарабынан аркылуу каржыланат. Программанын негизги максаты текстиль-тигүү өнөр жайында тармактын чакан жана орто ишканаларынын экспорттук атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу кирешелерди көбөйтүүгө жана иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Колдонмо илимдер боюнча Цвиккау (WHZ) Батыш-Саксонскдук университети (Германия) менен түзүлгөн меморандумга ылайык  " Жеңил өнөр жай буюмдарын конструкциялоо жана технологиясы" багыты боюнча ЖӨЖБТ кафедрасында 2015-жылы жаңы ачылган профиль "Текстиль жана булгаары технологиясы" жана билим берүү программасынын алкагында уюштурулган жана студенттердин жана окутуучулардын мобилдүүлүгү каралган. Окутуучулардын, изилдөөчүлөрдүн жана студенттердин эл аралык академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү боюнча жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө да иштер жүргүзүлүүдө. Окутуучулар  колдонмо илимдер боюнча Цвиккау Батыш-Саксонскдук университетинде  ийгиликтүү билимин жогорулатууда жана "Текстиль жана булгаары технологиясы" профилинин студенттери бир айлык жана семестрдик окууга жиберилип турат.

Акыркы жылдарда Алматы Технологиялык университети (АТУ) менен эл аралык ишмердүүлүк активдештирилип. студенттердин өз убагында окуу жана өндүрүштүк практикасы алмашуу, академиялык мобилдүүлүгү менен ишке ашып келет. Ошондой эле Казакстан Республикасынын АТУ жана "Шебер"  Окуу борбору менен дагы   биргелешкен долбоорлорду жана программаларды уюштурууну эки тараптуу биргелешкен семинарларды, конференцияларды жана тегерек столдорду, илимий квалификациясын жогорулатууда, магистранттарды даярдоодо, алдыңкы инновациялык ыкмаларын окутууда тажрыйба алмашууну өнүктүрүү,  кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюлган.

2019-жылы И. Раззаков атындагы КМТУти менен Глобалдык программаны текстиль-тигүү тармагындагы (GTEX) жана Швейцариянын өкмөтү тарабынан каржыланган Эл Аралык Соода борбору (ITC) тарабынан жеңил өнөр жай боюнча "Кадрлар индустриясы” аттуу  жана Окуу борборун түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлган. Бул меморандумдун алкагында атайын ачылган жеңил өнөр жайынын Окуу борбору заманбап техника жана технологиялар менен жабдылган жана автоматтык системасын колдонуу менен заманбап долбоорлоочу конструкторлорду, тез кийим тигүүчү – операторлорду  алдыңкы методдор менен окутуу, даярдоо жана кайра даярдоого багытталган.  Окуу борборунун иштеши үчүн шарттарды, жай берүү жана андан ары кармоо, жеңил өнөр жайынын текстиль-тигүү ишканаларынын заманбап технологиялары, компьютер жана тигүү машиналары, тез кийим тигүүчү – операторлорун даярдоо боюнча, атайын машиналар, жабдуулар орнотулду менен КМТУ толук камсыз кылып келди. Конструкторлорду заманбап системасын колдонуу менен автоматтык долбоорлоо боюнча Меморандумдун алкагында ITC көрсөткөн көмөктүн негизинде САПР "Grafis" 12 версиясы, программалык камсыз кылуу, плоттер сатылып алынып жана орнотулду. Аталган Окуу борборунда окутуучуларды даярдоо жана кадрларды кайра даярдоо үчүн  кыска мөөнөттүү курстарды даярдоо окуу пландары жана программалары  иштеп чыгарылды. Ошондой эле меморандумдун алкагында (ЖӨЖБТ) кафедрасы Россия "Кадрус" компаниясы менен кызматташып,  компьютердик кабинетке САПР "Графис" 12 версиясы лицензиялык программасы орнотулган. Бул заманбап, интеллектуалдык системасы кийим өндүрүшүндө лекал доборлоо (кийимдин үлгүсүн түзүү), жарактуу жол процесстерин жөнөкөйлөтүү жана тездетүүгө жардам берет.

Жеңил өнөр жай тармагы боюнча КМТУ менен текстиль-тигүү тармагындагы (GTEX) Глобалдык программасы боюнча Марокко Өлкөсүндөгү  Улуттук мектеп текстиль жана Касабланка тигүү өнөр- ESITH Жогорку текстиль мектебинин ортосундагы кызматташтык жана студенттерге билим берүүнү болжолдогон академиялык алмашуу биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жана окутуучулар, ошондой эле окуу жана изилдөө алмашуу, ж. б. жана кийим өндүрүшүнүн алкагында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлган жана (ЖӨЖБТ) кафедрасы менен кызматташат.

2017-жылдан баштап кафедра Россиядагы Ростов на Дону шаарындагы ООО "САПРЛЕГПРОМ менен кызматташат Бул келишимдин негизинде ЖӨЖБТ кафедрасынын лабораториясында кийим өндүрүүдө заманбап технология «JULIVI»лицензиялык программасы  менен камсыздоо каралып, аталган программа орнотулган.

Кафедра Беларусь Республикасынын Билим берүү жана илимий - практикалык иштер тармагындагы Витебск Мамлекеттик технологиялык университеттери менен кызматташып келет.

Кафедра менен Ташкент университетинин ортосунда билим берүү, илим, технология, студенттик жана академиялык мобилдүүлүк жагында кызматташуу боюнча макулдашуу түзүлгөн.

Батыш-Саксон прикладдык илимдер университети менен меморандум, Германия  бул шилтеме боюнча

ITC, Швейцария менен меморандум бул шилтеме боюнча

Марокко Улуттук текстиль жана кийим тигүү өнөр жайы мектеби менен меморандум  бул шилтеме боюнча

Витебск мамлекеттик технологиялык университети менен меморандум, Беларуссия  бул шилтеме боюнча

Алматы технологиялык университети менен меморандум, Казакстан Республикасы бул шилтеме боюнча

Шебер окутуу борбору менен меморандум, Казакстан Республикасы  бул шилтеме боюнча

ООО "САПРЛЕГПРОМ" JULIVI, Россия менен келишим бул шилтеме боюнча

Ташкент текстиль жана жеңил өнөр жай институту менен келишим, Өзбекстан бул шилтеме боюнча