Абитуриентке

«Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы» кафедрасы орто мектептердин, лицейлердин жана колледждердин бүтүрүүчүлөрүн  кийики профильдер боюнча бакалаврларды даярдоого кабыл алат:

1. Тигүү буюмдарынын технологиясы 
2. Тигүү буюмдарын конструкциялоо 
3. Текстиль жана булгаары технологиясы 

Текстиль жана булгаары технологиясы программасы DAAD программасы аркылуу Батыш Саксон колдонмо илимдер университети (Цвиккау, Германия) менен биргеликте сунушталат.

2024-2025 окуу жылынан баштап, программалык сунуштарды бириктирүү жана оптималдаштыруу, дисциплиналар аралык интеграцияны күчөтүү жана эмгек рыногунун учурдагы талаптарына жооп берүү максатында, билим берүү программасы бирдиктүү, комплекстүү программа боюнча сунушталат: «Текстиль жана жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана долбоорлоо».

Окутуунун формасы: мамлекеттик каржылоо жана келишимдик негизде

740700 багыты — "Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо" (магистр даражасы), программалар:
1. Тигүү буюмдарынын технологиясы 
2. Тигүү буюмдарын конструкциялоо 

Бакалавр даражалары үчүн брошюра 

Магистранттар үчүн брошюра 

Виртуалдык тур

"ЖӨЖБТ" кафедрасынын видеосу 

 

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар