Билим берүү ишмердүүлүгү
«Жеңил өнөр жай буюмдарынын технология» кафедрасы И. Раззаков атындагы КМТУнун алдыңкы окуу жана илимий бөлүмү болуп саналат, ал Кыргыз Республикасынын текстиль жана жеңил өнөр жайы үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдайт. Окутуу 740700 - " Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо" программасы боюнча жүргүзүлөт, бакалавр жана магистр даражалары берилет.
Бакалавриат "Тигүү буюмдарынын технологиясы", "Тигүү буюмдарын конструкциялоо" жана "Текстиль жана булгаары технологиясы" профильдер боюнча окутуу жүргүзүлөт, бул студенттерге өздөрүнүн кызыкчылыктарына жана тармактык муктаждыктарына ылайыкташтырылган кесиптик өнүгүү жолун тандоого мүмкүндүк берет.
2024–2025 окуу жылынан баштап "Текстиль жана жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана долбоорлоо" билим берүү программасы бакалавр жана магистр багытында сунушталат. Окуу процесси фундаменталдык теориялык окутууну практикага багытталган окутуу менен айкалыштырууга, заманбап технологияларды колдонууга жана тармактык компаниялар менен тыгыз кызматташууга багытталган, бул бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногунда жогорку атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылат.
Билим берүү программалары И. Раззаков атындагы КМТУнун ГОС ВПО жана ОС бекитилген билим берүү стандарттарына ылайык ишке ашырылат.
Университеттин тармактык кеңештери жана жумуш берүүчүлөрдүн катышуусу менен окуу-методикалык бирикмелери бар, алардын максаты билим берүү программаларын ишке ашыруу жана өркүндөтүү, ошондой эле кафедралык жана башка багыттарында иш-аракеттерди талкуулоо болуп саналат.
2025–2026-окуу жылынан баштап, Кыргыз Республикасында биринчи жолу 742000 - "Керектөө товарларынын технологиясы" программалык багыты боюнча PhD "Текстиль жана жеңил өнөр жай буюмдарынын өндүрүш технология" илимий билим берүү программасы ишке ашырылат.
ОП жетекчилерди бекитүү жөнүндө буйрук (бакалавр, магистр, адис, PhD)
Билим берүү программасы (магистр) 2023 жыл
Билим берүү программасы (бакалавр) 2023 жыл
Билим берүү программасы (магистр) 2022 жыл
Билим берүү программасы (бакалавр) 2022 жыл
Окуу программасынын компетенцияларына жана дисциплиналарына шайкештик матрицасы (магистратура)
Рабочий учебный план
УП бакалавр (очная) 2025-2026 жж. УП магистратура (очная) 2025-2026 жж.
УП бакалавр (очная) 2024-2025 жж. УП магистратура (очная) 2024-2025 жж.
УП бакалавр (очная) 2023-2024 жж. УП магистратура (очная) 2023-2024 жж.
УП бакалавр (дот) 2024-2025 жж.
УП бакалавр (дот) 2023-2024 жж.
УП бакалавр (дот) 2 курс 2022-2023 жж.
УП бакалавр (дот) 1 курс 2022-2023 жж.
ТИЛП РУП ДОТ 1 курс на 2021-2022 окуу жыл (КШИ, ТШИ)
Форма 4-магистратура бөлүмүнүн кадрдык камсыздоосу жөнүндө маалымат
Материалдык-техникалык база
Кафедранын материалдык-техникалык базасы негизинен заманбап талаптарга жооп берет жана бакалаврлар жана магистрлер үчүн 740700 "жеңил өнөр жай буюмдарынын технология" багытынын программаларынын өзгөчөлүктөрүн жана милдеттерин эске алуу менен окуу процессин жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
Окуу-лабораториялык базанын курамына сегиз адистештирилген окуу лабораториясы (компьютердик жана лабораториялык класстар, башка ресурстар) кирет. Окуу аудиторияларынын жалпы аянты 466,2 кв. м. студенттер жана магистранттар үчүн окуу процессинде заманбап техникалык каражаттар (компьютерлер, автоматташтырылган долбоорлоо системалары (САПР), плоттер, ар кандай түрдөгү жаңы тигүүчү машиналар, видеотехника) колдонулат.
"Жеңил өнөр жай буюмдарынын технология" кафедрасы лекциялык, лабораториялык жана практикалык сабактарды өткөрүү үчүн бардык зарыл аудиториялар менен жабдылган. Кафедра окуу лабораторияларын заманбап жабдуулар жана шаймандар менен жабдуу боюнча туруктуу иш алып барууда. Лабораториялар тиешелүү дисциплиналар боюнча лабораториялык сабактарды өткөрүү процессинде окуп жаткандардын окуу - изилдөө жана илимий-изилдөө иштерин аткаруу үчүн пайдаланылат.
1. Материалдык-техникалык база жөнүндө маалымат
2. Аудиториянын паспорту:
2/203 "Жеңил өнөр жай буюмдарынын технология" кафедрасынын "Кадрлар тармагы" УЦЛП лабораториясы
2/212 "Кийим тигүү технологиясы" окуу лабораториясы
2/219 "Текстиль жеңил өнөр жай өндүрүшүнүн материал таануу" илимий-изилдөө лабораториясы
2/217 Тигүүчү машиналар жана жабдуулар аудиториясы
2/313 "Материалдар боюнча долбоорду ишке ашыруу" лабораториясы
2/218 Текстиль технологиясы лабораториясы
2/329 "Жеңил өнөр жай буюмдарын өндүрүүдөгү материал таануу" лабораториясы
Өндүрүш менен байланыш
2021-2025-жылдарынын аралыгындагы тегерек столдор
Ишканалардын тапшырыгы боюнча бүтүрүүчү квалификациялык иш
"Текстиль Транс Салкын" ЖЧК базасында практикалык сабактарды өткөрүү боюнча отчет
Башкы технолог С.Ш.Иманбекованын сабактарын өткөрүү
ОсОО Текстиль Транс технологу Д. Токбаеванын мейман лекциясы

