Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Н.Исанов кампусунун сырттан окуган студенттери үчүн


Сырттан окуган студенттер учун кулактандыруу!

Экономика жана бизнес жогорку мектебинин жана Н.Исанов атындагы Кыргыз инженердик-курулуш институтунун 5-курсунун студенттери үчүн жазгы семестрдин окуу процесси 2024-жылдын 11-мартында башталат, экзамендик сессия 25-марттан 29-мартка чейин уюштурулат.

Мамлекеттик дисциплиналар аралык экзаменди өз убагында тапшыра албаган 5-курстун студенттери үчүн 2024-жылдын 5-6-мартында Мамлекеттик дисциплиналар аралык экзамен МАК иш графигине ылайык өткөрүлөт.

2024-жылдын 22-23-февралында график боюнча «Кыргызстандын тарыхы», «Кыргызстандын географиясы» жана «Кыргыз тили жана адабияты» дисциплиналары боюнча онлайн кароо лекциялар жана консультациялар өткөрүлөт.

1-4 курс сырттан окуган студенттер үчүн окуу процесси жана экзамендик сессия 2024-жылдын 13-майынан 31-майына чейин И.Раззаков атындагы КМТУнун Академиялык календарына ылайык өткөрүлөт.

Бардык студенттер жазгы семестрдеги дисциплиналарга 2024-жылдын 29-февралына чейин катталышы керек.