Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Окуу башкармалыгы


ОКУУ БӨЛҮМҮНҮН (ОБ) МАКСАТЫ ЖАНА МАСЕЛЕЛЕРИ

Окуу бөлүмүнүн ишмердүүлүгүнүн негизги максаты Кыргыз Республикасында 2021-2040-жж. билим берүүнү өнүктүрүүнүн Программасына ылайык жетекчилик,  профессордук-окутуучулук жана окуу көмөкчү курам, административдик чарба кызматчылары жана кредиттик технологиянын негизинде жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо боюнча билим алуучулар менен  биргелешип окуу процессин натыйжалуу пландаштыруу, уюштуруу, башкаруу жана көзөмөлдөө негизинде КМТУда ишмердүүлүктүн биргелешкен  процессордук моделин түзүү.

Окуу бөлүмүнүн ишмердүүлүгүнүн багыттары:

  • күндөлүк пландоо, окуу процессин уюштуруу жана көзөмөлдөө;
  • окуу процессинин  тартиби боюнча укутук-ченемдик документтерди жакшыртуу;
  • университеттин негизги окуу документтерин иштеп чыгууда түзүмдүк бөлүмдөрдүн бирге кызматташуусун уюштуруу;
  •  университетте окуу процессин жана билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча отчетторду түзүү;
  • профессордук-окутуучу курамдын окуу жүктөмдөрүнүн аткарылышын көзөмөлгө алуу жана пландаштыруу;
  • студенттердин өздүк көктөмдөрүн жүргүзүү жана билими жөнүндө документтерин каттоону уюштуруу;
  • окуу процессин уюштуруу боюнча маалыматтарды даярдоо жана талдоо;
  • сынактык сессиялардын жана жыйынтык мамлекеттик аттестациянын жыйынтыктары менен окуу процессинин жүрүшүн талдоо.

 

 

Окуу бөлүмүнүн ишмердүүлүгүнүн негизги маселелери:

  • бакалавр, магистр жана адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында университеттин түзүмдөрүнүн бирге кызматташуусун уюштуруу, окуу процессин заманбап талаптарга ылайык жаңылаштыруу, университеттин билим берүү ишмердүүлүгүн өнүгүүсүнүн стратегиясын ишке ашыруу;
  • окуу процессин камсыздоо боюнча институттардын, факультеттердин, кафедра жана башка түзумдүк бөлүмдөрдүн  иштерин координациялоо;
  • билим берүү ишмердүүлүгүнүн сапатын жогорулатууну камсыздоочу инновациялык билим берүү технологияларын окуу процессине иштеп чыгууну жана жайылтууну демилгелөө;
  • кафедра, деканат, институт жана филиалдардын билим берүү ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча жылдык отчетторунун анализинин негизинде  окуу процессин жакшыртууга багытталган жетекчилик материалдар менен программаларды түзүү жана иштеп чыгуу;
  • окуу процессинин окуу-усулдук жана укуктук-ченемдик камсыздоосун жакшыртуу;
  • окуу процессине  заманбап билим берүү технологияларын колдонууга жана жайылтууга уюштуруучулук жана усулдук жардам көрсөтүү;
  • университеттин мааалыматтык системинин функцияларын кеңейтип жана башка маалыматтык технологияларды жайылтуу аркылуу берүү процессинин маалыматын жакшыртуу;
  • Жалпы ЖОЖдун жана жеке билим берүү программаларын лицензиялоодон өткөрүү үчүн документтерди даярдоо боюнча ишти координациялоо;
  •  Жалпы ЖОЖдун жана жеке билим берүү программаларын аккредитациядан өткөрүү үчүн документтерди даярдоо боюнча ишти координациялоо;
  • студенттердин практикаларын уюштуруу жана жумушка орноштуруу.