Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

"Табигый-гуманитардык илимдер" кафедрасы


«Табигый-гуманитардык илимдер» кафедрасынын тарыхы

«Табигый-гуманитардык илимдер» кафедрасы 2010-жылы үч кафедранын – Табигый-техникалык, Жалпы техникалык жана Гуманитардык илимдер кафедраларынын биригиши менен түзүлгөн. Бул кафедралардын негиздери 1996-жылы түптөлгөн.

Кафедранын биринчи башчысы Асанов А.А. болуп дайындалган, ал учурда техника илимдеринин доктору, профессор. Андан кийин кафедраларды ар кандай мезгилдерде төмөнкү жетекчилер башкарган:

  • Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Шек А.П.
  • Муминжанов М.М.
  • Баратова Н.Т.
  • Рахманова Н.И.
  • Техника илимдеринин кандидаты, доцент Акбаров К.А.
  • Доцент Асамидинов Ф.

Учурда бириккен кафедраны физика-математика илимдеринин кандидаты Асамидинов Ф.М. жетектейт. Анын жетекчилиги астында филиалда студенттердин билим деңгээлин автоматташтырылган түрдө баалоо үчүн компьютердик тестирлөө системасы ишке киргизилүүдө.

Бул мезгил ичинде кафедранын жамааты окуу-лабораториялык базаны түзүү боюнча чоң иштерди аткарды, кафедрага тиешелүү дисциплиналар боюнча усулдук көрсөтмөлөр иштелип чыкты.

Кафедранын калыптанышына зор салым кошкон доценттер Акбаров К.А. жана Тухтасинов И. болушкан. Алар физика лабораториясын түзүп, усулдук ишмердүүлүктү жолго коюшкан.

Кафедра тил илимин, Кыргызстандын тарыхын жана окутуу методикасынын маселелерин изилдөө боюнча эл аралык, республикалык жана ички жогорку окуу жай деңгээлинде өткөрүлгөн конференцияларга активдүү катышат.

Институттун китепканасында кыргыз жана орус тилдеринде чоң адабий фонд, ошондой эле классиктердин чыгармалары сакталган.

Кафедрада берилген билим ар кандай багыттагы адистер үчүн зарыл. Жалпы техникалык дисциплиналар жана маалыматтык технологиялар бардык тармактарда керек болуп, адистердин ишин бир кыйла жеңилдетет. Бул билимдерсиз эч бир өндүрүштүк процесс мүмкүн эмес.

 

Учурда кафедрада физика, математика, инженердик графика жана тарых боюнча лекциялык кабинеттер бар. Ошондой эле, заманбап компьютерлер жана глобалдык интернетке чыгуу мүмкүнчүлүгү бар информатика кабинети жабдылган.