Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Мекемелердин экономикасы жана башкаруу кафедрасы


«Мекемелердин экономикасы жана башкаруу» кафедрасы жөнүндө маалымат

 «Мекемелердин экономикасы жана башкаруу» кафедрасы экономика, бухгалтердик эсеп жана менеджмент тармагында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо максатында түзүлгөн. 2012-жылы эки баскычтуу адистерди (бакалавр – магистратура) даярдоого өткөндүгүнө байланыштуу кафедра кеңейтилип, 580100 «Экономика», профили «Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит», ошондой эле 580200 «Менеджмент» багыттары боюнча адистерди даярдай баштаган.

Учурда «Мекемелердин экономикасы жана башкаруу» кафедрасында 9 окутуучу эмгектенет, анын ичинен 2 экономика илимдеринин кандидаты, 7 окутуучу.

Кафедрада профессордук-окутуучулук курамдын профессионалдык деңгээлин жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

«Мекемелердин экономикасы жана башкаруу» кафедрасынын окутуучулары:

Штатагы:

  1.  Амиров Т.К. – Экономика илимдеринин кандидаты, ага окутуучу;
  2.  Грошев А.И. - ага окутуучу;
  3.  Тургунбаева А.К. - ага окутуучу;
  4.  Курбанова Ч.А. – ага окутуучу;
  5.  Майсупова Ш.Р. – окутуучу;
  6.  Шарафутдинова М.К. – окутуучу;
  7.  Тургунбаева Айпери К. – окутуучу;

штаттан тышкаркы окутуучулар:

  1. Ураимов М.У. - экономика илимдеринин кандидаты, доцент, окутуучу;
  2. Байбалаев Э.К. – окутуучу.

Кафедрада окуу процессин жана илимий изилдөөлөрдү камсыз кылган окуу аудиториялары, кабинеттер бар, ошондой эле студенттердин окуу-таанышуучу, өндүрүштүк жана алдын-ала квалификациялык практикалардан өтүшү үчүн ишканалар менен кызматташат жана алардын материалдык-техникалык базасын пайдаланат.

Учурда И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Кызыл-Кыя шаарындагы филиалынын «Мекемелердин экономикасы жана башкаруу» кафедрасынын бүтүрүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын эл чарбасынын көптөгөн тармактарында, ошондой эле жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө иштеп жатышат. Атап айтканда, Россия Федерациясынын Москва шаарында, Тюмень облусунда, Новосибирск облусунда, Свердловск облусунда, Якутияда, ошондой эле Өзбекстан Республикасында (Навоидагы алтын кен комбинаты, Алмалыктагы байытуу комбинаты) жана Казакстан Республикасында эмгектенишет.

Ошондой эле бизде Россия Федерациясынан, Түркиядан, Өзбекстандан жана Казакстандан келген студенттер билим алышат. Биздин университеттин бүтүрүүчүлөрү эл чарбасынын көптөгөн тармактарында, айрыкча тоо-кен өнөр жайында чоң суроо-талапка ээ.

Биз бүтүрүүчүлөрүбүзгө жана кесиптештерибизге иштерине ийгиликтерди жана карьералык тепкичте бийиктиктерди багындырууну каалайбыз.