Уйуштуруу жана тарбия иштери
Жалпы жобо
И.Раззаков атындагы КМТУнун Кызыл-Кыя шаарындагы филиалынын тарбиялык ишмердүүлүгү
Тарбиялык иш — бул жогорку окуу жайындагы окуу-тарбия процессинин ажырагыс бөлүгү болуп, студенттердин инсандык маданиятын, кесиптик сапаттарын, жарандык бышкандыгын жана социалдык жоопкерчилигин калыптандырууга багытталган иш-чаралардын жыйындысы.
Тарбиялык иштин максаты — студенттердин гармониялуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү, алардын потенциалын ачуу, активдүү жарандык позициясын жана кесиптик-этикалык багыттарын калыптандыруу.
Тарбиялык иштин концептуалдык негиздери
Тарбиялык ишмердүүлүк төмөнкү принциптердин негизинде жүргүзүлөт:
Ачыктык жана жеткиликтүүлүк
Ата-энелер, коомчулук, өнөктөштөр, уюмдар жана студенттик коомчулук менен тыгыз кызматташтык.
Баалуулукка багытталган ыкма
Студенттерде жарандык, маданий жана кесиптик баалуулуктардын тутумун калыптандыруу.
Социалдык-позитивдүү активдүүлүктү өнүктүрүү
Студенттерди коомдук, маданий, спорттук, илимий жана ыктыярчы иштерге активдүү катышууга шыктандырүү.
Кесиптик-этикалык мамилелерди моделдештирүү
Кесиптик этиканын, корпоративдик маданияттын жана жоопкерчиликтин нормаларын үйрөнүүгө багытталган чөйрөнү түзүү.
Кызматташтык приоритети
Тарбиялык ишти студенттер, окутуучулар жана администрациянын өнөктөштүк мамилесинин негизинде уюштуруу.
Социалдык-педагогикалык жана психологиялык колдоо
Студенттерге адаптация, кесиптик багыт алуу, коммуникация жана жеке өнүгүү боюнча колдоо көрсөтүү системасын түзүү.
Тарбиялык иштин негизги багыттары:
Граждандык-патриоттук тарбия
– Коомго жана мамлекетке болгон жоопкерчиликти калыптандыруу.
– Мамлекеттик майрамдарга арналган иш-чараларды уюштуруу.
– Кыргызстандын мамлекеттик символдору жана тарыхы тууралуу билимди жайылтуу.
Моралдык-этикалык тарбия
– Студенттердин руханий жана моралдык сапаттарын өнүктүрүү.
– Баарлашуу маданиятын, сабырдуулукту, сый-урматты жайылтуу.
– Келечектеги адистин этикалык маданиятын калыптандыруу.
Укуктук тарбия
– КР мыйзамдары жана университеттин ички нормативдик актылары менен тааныштыруу.
– Мыйзам бузуу, коррупция жана академиялык сабатсыздык көрүнүштөрүнүн алдын алуу.
– Укуктук тренингдер жана юристтер менен жолугушуулар.
Кесиптик-эмгек тарбиясы
– Кесиптик компетенцияларды калыптандыруу.
– Сапаттуу билим алууга жана өз алдынча өнүгүүгө мотивация түзүү.
– Кураторлор, наставниктер, студенттердин илимий жана өндүрүштүк долбоорлорго катышуусу.
Маданий-эс алуу ишмердүүлүгү
– Маданий иш-чаралар, концерттер, фестивалдар уюштуруу.
– Ыйкемдүү чыгармачыл топторду, ийримдерди жана клубдарды колдоо.
– Профориентациялык, майрамдык жана чыгармачылык программалар.
Спорттук-ден соолук багыты
– Дени сак жашоону калыптандыруу.
– Спорттук мелдештер, турнирлер жана секциялар өткөрүү.
– Активдүүлүк, тартип жана команда менен иштөө духун жайылтуу.
Илимий-изилдөө ишмердүүлүгү
– Илимге жана инновацияларга кызыгууну өнүктүрүү.
– Студенттик илимий долбоорлорду жана конференцияларды колдоо.
– Илимий кружоктордун жана студенттик илимий коомдордун ишин уюштуруу.
Ыктыярчылык жана социалдык демилгелер
– Студенттерди кайрымдуу иш-чараларга жана социалдык маанилүү долбоорлорго тартуу.
– Коомдук уюмдар менен өнөктөштүк.
– Жардам берүү маданиятын, боорукердикти жана жарандык жоопкерчиликти өнүктүрүү.
Маалыматтык-санариптик тарбия
– Студенттердин санариптик сабаттуулугун жогорулатуу.
– Интернет-ресурстарды жана социалдык тармактарды туура колдонуу маданиятын калыптандыруу.
– Санарип чөйрөдө коопсуз жүрүм-турум көндүмдөрүн өнүктүрүү.

