Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

И.Раззаков атындагы КМТУнун Кызыл-Кыя шаарындагы филиалы


Окуу  жайдын   тарыхынан   

       И.  Раззаков  атындагы  Кыргыз  мамлекеттик  техникалык  университетинин  (КМТУ) Кызыл – Кыя  шаарындагы  филиалы,  Кыргыз  Республикасынын  Илим, Билим  жана Маданият  министиринин  29.05.1996 жылы № 170/1 буйругу  менен,  Республиканын  түштүк  региондорун,  жогорку  квалификациялуу  тоо – кен  өндүрүш  багытында  адистер  менен  камсыз  кылуу максатында,  Кыргыз  тоо металлургиялык  институнун  Кызыл – Кыядагы филиалы  болуп  ачылган.

       Кыргыз  мамлекеттик  тоо - кен  университетинин  түзүлгөндүгүнө  байланыштуу,  КМТКУнун  Окумуштуулар  Кеңешинин  23.12.2004 жылындагы  чичими  жана  КМТКУнун  Ректорунун  № 01/16.   24.01.2005 жылдагы   буйругунун  негизинде  филиал  Түштүктөгү  тоо – кен  иштери,  транспорт,  экономика  жана  байланыш  институту  (ТТКИТЭБ)  болуп  кайрадан  түзүлгөн.

       Кийинчерээк  “Кыргыз мамлекеттик  техникалык  университетин  түзүү  боюнча”  Кыргыз Республикасынын  президентинин  03.05.2005 жылындагы  жарлыгы,  И. Раззаков  атындагы  Кыргыз  мамлекеттик  техникалык  университетинин  Окумуштуулар  кеңешинин  (08.12.2006 жылдагы   № 3  протоколу)  чечими,  ректордун  12.12.2006 жылдагы  № 1 / 208  буйругунун  негизинде  И. Раззаков  атындагы  КМТУнун  “Кызыл – Кыядагы  жаратылышты  пайдалануу  жана  геотехнологиялар  институту”  болуп  ишмердүүлүгүн  жүргүзгөн.

       “2013 – 2017  жылдарда  Кыргыз  Республикасын  туруктуу  өнүгүү  улуттук  стратегиясына  ылайык,  билим  берүү  системасын  оптималдаштыруу  боюнча” № 11,  21.01.2013 жылдагы Кыргыз  Республикасынын  президентинин  жарлыгы,  Раззаков  атындагы  Кыргыз  мамлекеттик  техникалык  университетинин  Окумуштуулар  кеңешинин  30.07.2015 жылдагы     чечими,  ректордун  01.09.2015  жылдагы  “Филиалдарды  ачуу  боюнча”  буйругунун  негизинде  01.09.2015  жылдан  бери  И. Раззаков  атындагы  КМТУнун  Баткен  облусунун  Кызыл – Кыя  шаарындагы  филиалы  катары  ишмердүүлүк  жүргүзүп  келе  жатат.