Окуу бөлүмү
И. Раззаков атындагы КМТУнун Кызыл-Кыя шаарындагы филиалынын окуу бөлүмү
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Кызыл-Кыя шаарындагы филиалы 10 багыт боюнча адистерди даярдайт. Окуу күндүзгү жана сырткы бөлүмдөрдө кредиттик система аркылуу жүргүзүлөт, бул студенттерге билим алуусун ийкемдүү пландаштырууга жана окууну иш менен айкалыштырууга мүмкүнчүлүк берет.
И. Раззаков атындагы КМТУнун Кызыл-Кыя шаарындагы филиалынын кафедралары
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Кызыл-Кыя шаарындагы филиалында 3 чыгаруучу жана 1 профилирүүчү кафедра иштейт, алар ар кандай тармактарда жогорку квалификациялуу адистерди даярдоону камсыз кылат.
Чыгаруучу кафедралар:
«Каустобиолиттердин геологиясы жана экология» кафедрасы пайдалуу кендерди чалгындоо, мунай жана газ тармагында төмөнкү багыттар боюнча адистерди даярдайт:
- 630100 «Колдонмо геология» профиль: «Нефть жана газ геологиясы»;
- 630400 «Мунай-газ иши» профиль: «Нефть жана газ скважиналарын иштеп чыгуу жана эксплуатациялоо»;
- 630001 «Колдонмо геология» адистик программа боюнча, профиль: «Нефть жана газ скважиналарын иштеп чыгуу жана эксплуатациялоо».
«Мекемелердин экономикасы жана башкаруу» кафедрасы экономика жана менеджмент чөйрөсүндө адистерди даярдайт:
- 580100 «Экономика» профили: «Мекемелердин экономикасы жана башкаруу», профили: "Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит»;
- 580200 «Менеджмент» профили: «Менеджмент»
«Тоо-кен» кафедрасы тоо-кен жана транспорт тармактарында инженерлерди даярдоого адистешкен:
- 670300 «Транспорттук процесстердин технологиясы» профили: «Жол кыймылынын коопсуздугун уюштуруу»
- 630300 «Тоо иштери» профили: «Жер асты пайдалуу кендерин иштетүү»;
- 630003 «Тоо иштери» адистик программасы боюнча профили «Жер асты пайдалуу кендерин иштетүү»;
- 650400 «Технологиялык машиналар жана жабдуулар» профили: «Тоо-кен машиналары жана жабдуулары»;
- 640200 «Электроэнергетика жана электротехника» профили: «Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча)».
Профилдик кафедра:
«Табигый-гуманитардык» кафедрасы – студенттерди базалык даярдоо, илимий изилдөөлөр жана билим берүү процессин методикалык камсыздоо менен алектенет.
И. Раззаков атындагы КМТУнун Кызыл-Кыя шаарындагы филиалынын студенттеринин контингенти
И. Раззаков атындагы КМТУнун Кызыл-Кыя шаарындагы филиалынын студенттеринин контингенти 466 студентти түзөт. Алардын ичинен күндүзгү бөлүмдө 41 студент жана сырттан окуу бөлүмүндө 425 студент бар.
Багыт /адистик | Шифр (код) | Окуу мөөнөтү | Жалпы студентер | Курс боюнча | |||||
1 курс | 2 курс | 3 курс | 4 курс | 5 курс | 6 курс | ||||
«Экономика» | 580100 | 4 жыл | 31 | 6 | 13 | 5 | 7 | ||
«Менеджмент» | 580200 | 4 жыл | 1 | 1 | |||||
«Технологиялык машиналар жана жабдуулар» | 650400 | 4 жыл | 2 | 2 | |||||
«Электроэнергетика» | 640200 | 4 жыл | 2 | 2 | |||||
«Колдонмо геология» | 630001 | 5 жыл | 3 | 3 | |||||
«Нефть жана газ иштери» | 630400 | 4 жыл | 2 | 1 | 1 | ||||
Күндүзгү бөлүм боюнча бардыгы | 41 | ||||||||
«Экономика» | 580100 | 5 жыл | 177 | 11 | 44 | 45 | 29 | 48 | |
«Менеджмент» | 580200 | 5 жыл | 52 | 2 | 2 | 7 | 17 | 24 | |
«Технологиялык машиналар жана жабдуулар» | 650400 | 5 жыл | 44 | 7 | 13 | 7 | 17 | ||
«Транспорттук процесстердин технологиясы» | 670300 | 5 жыл | 32 | 5 | 9 | 5 | 5 | 8 | |
«Тоо иштери» | 630300 | 5 жыл | 21 | 1 | 4 | 2 | 6 | 8 | |
«Тоо иштери» | 630003 | 6 жыл | 55 | 2 | 17 | 19 | 6 | 8 | 3 |
«Колдонмо геология» | 630100 | 5 жыл | 20 | 4 | 6 | 10 | |||
«Электроэнергетика» | 640200 | 5 жыл | 16 | 5 | 6 | 5 | |||
«Нефть жана газ иштери» | 630400 | 5 жыл | 8 | 2 | 6 | ||||
Сырткы бөлүм боюнча бардыгы | 425 | ||||||||
Филиал боюнча бардыгы | 466 |
И. Раззаков атындагы КМТУнун Кызыл-Кыя шаарынадагы филиалынын материалдык-техникалык базасы
- Керектүү техника жана окуу материалдары менен жабдылган аудиториялар;
- Интернетке кирүү жана атайын программалык камсыздоолору бар компьютердик класстар;
- Практикалык сабактар үчүн лабораториялар («Тоо кен машиналары жана жабдуулар», «Жердин физикасы», «Пайдалуу кендерди казып алуу технологиялары», «Электротехника»);
- Бардык билим берүү ресурстарына туташтырылган окуу жана илимий адабияттар менен китепкана.
Илимий ишмердиги
Филиал окутуучулардын жана студенттердин илимий-изилдөө иштерин активдүү колдойт. "Каустобиолиттердин геологиясы жана экология" кафедрасынын окутуучулары Эшматова Д. М., Пшенова И. Н., Шамшиев О. Ш., "Мекемелердин экономикасы жана башкаруу" кафедрасынын окутуучусу Тургунбаева А. К., "Тоо кен " кафедрасынын окутуучусу Юлдашева С. А. КМТУнун 66 жылдыгына арналган конференцияга, Фергана шаарындагы Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышышты.
Студенттер илимий конференцияларга, олимпиадаларга жана илимий долбоорлорго активдүү катышып, алдыңкы адистер жана окутуучулар менен кызматташат. И.Раззаков атындагы КМТУнун Кызыл-Кыя шаарында филиалынын студенттери КМТУнун 66-эл аралык тармактык илимий-техникалык конференциясына катышты жана ардак грамоталар менен сыйланышты.
Практика жана стажировка
Студенттер региондун алдыңкы ишканаларында жана уюмдарында өндүрүштүк жана диплом алдындагы практикадан өтүшөт ("Кадамжай сурьма комбинаты" ААК, "Хайдаркан сымап комбинаты" АК, Түштүк Кыргыз цемент заводу ЖАК, "Кант ТШП" ЖЧК Кызыл-кыя шаарындагы филиалы, "Кызыл-Кыя көмүр" АК), бул аларга практикалык тажрыйба алууга жана эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берет.
И.Раззаков атындагы КМТУнун Кызыл-Кыя шаарында филиалынын студенттери алдыңкы чет өлкөлүк ЖОЖдордо, илимий борборлордо жана өнөр жай уюмдарында стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ, бул аларга практикалык тажрыйба алууга жана алган билимдерин реалдуу шарттарда колдонууга мүмкүндүк берет. Өнөктөштүк келишимдеринин алкагында алар Фергана Политехникалык университетинде, Кузбасс Мамлекеттик Техникалык Университетинде жана Фергана эл аралык тамак-аш технологиясы жана инженерия институтунда практикалык билим алышат.
Стажировка программасы студенттерге билимин кеңейтүүгө, заманбап технологиялар менен иштөөдө баалуу тажрыйба топтоого жана өз тармагында ийгиликтүү карьерага даярданууга мүмкүндүк берет.
И. Раззаков атындагы КМТУнун Кызыл-Кыя шаарындагы филиалынын студенттик жашоо
И. Раззаков атындагы КМТУнун Кызыл-Кыя шаарындагы филиалынын студенттик жашоо окуу процесси менен гана чектелбестен, чыгармачылык потенциалды, спорттук жетишкендиктерди өнүктүрүүгө жана коомдук турмушка активдүү катышууга багытталган ар түрдүү иш-чараларга да бай. Филиал ар дайым маданий иш-чараларды, майрамдарды жана чыгармачылык сынактарды уюштуруп турат, бул студенттерге өздөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Студенттер үчүн спорт менен машыгуу, мелдештерге катышуу жана активдүү жашоо образы үчүн шарттар түзүлгөн.
Студенттер студенттик кеңештердин жана демилгелүү топтордун ишине катышуу менен башкаруу иш-аракеттеринде өзүн көрсөтө алышат. Көптөгөн студенттер кайрымдуулук акцияларына, жашыл демилгелерге жана муктаж болгондорго жардам берүүгө активдүү катышышат.
И. Раззаков атындагы КМТУнун Кызыл-Кыя шаарындагы филиалынын студенттик жашоо – бул окуу гана эмес, жаркын окуялар, жолдоштук баарлашуу, өзүнүн потенциалын ачууга жана келечектеги карьера үчүн баалуу тажрыйбага ээ болууга мүмкүнчүлүк.
Филиал жогорку сапаттагы билим берүүнү камсыз кылат, теориялык билимдерди практикалык даярдык менен айкалыштырып, бүтүрүүчүлөрдү эмгек рыногунда талап кылынган адистерге айлантат. Мындан тышкары, студенттер эл аралык практикага, илимий изилдөөлөргө жана долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүк алышат, бул алардын профессионалдык жана жеке компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө жардам берет. Окутуунун заманбап методдорунун жана жогорку квалификациялуу окутуучулар курамынын жардамы менен бүтүрүүчүлөр заманбап эмгек рыногунун талаптарына ийгиликтүү ыңгайлашып, ар кандай тармактарда ийгиликтүү карьера куруп жатышат.