Карьера борбору тууралуу

О Центре карьеры

     Практика жана карьера борбору 2019-жылы ар түрдүү практикаларды уюштуруу жана бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыздоого жардам көрсөтүү үчүн негизделген.

Бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыздоо университеттин билим берүү кызматындагы иш-аракетинин натыйжалуулугун баалоонун маанилүү критерийлеринин бири болуп саналат. Жумушчу күч суроо-талаптын диспропорциясы шартында, жаш адистер рынкинде КТЖУ өз бүтүрүүчүлөрүнүн, айрыкча, иш менен камсыздалышын жакшыраак түшүнүүгө жана көзөмөлдөөгө кызыгып иштейт. Жогорку окуу жайы менен эмгек рынги (жумуш берүүчүлөр) ортосундагы негизги жана байланышчу звено болуп КТЖУнун Практика жана карьера борбору эсептелет.

Практика өтөөчү жана ишке орношуучу жерлерди табууга жардам үчүн, Практика жана карьера борбору стратегиялык өнөктөштөр тармагын кеңейтүү боюнча иштерди үзгүлтүксз жүргүзүп келет: азыркыга чейин Университеттин базасында 260дан ашык предприятие жана уюм бар.

Борбордук контролдоо жана көзөмөлдөө борборунун негизги функциялары

  • шаардык иш менен камсыздоо башкармалыгы менен кызматташып, ал жерден алынган маалыматтарды КТЖУнун студенттери менен бүтүрүүчүлөрү арасына жайылтып;

  • студенттерге, бүтүрүүчүлөргө жана жумуш берүүчүлөргө төмөнкү кызматтарды көрсөтөт: бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштурууга багытталган ар кандай иш-чараларды (ролдук оюндарды камтыган, резюме, суралга кат жазуу, интервьюдан ийгиликтүү өтүү боюнча семинарлар, мастер-класстар, ошондой эле карьера күндөрү, бош жумуш орундар көргөзмөсү ж.б.б.) уюштуруу;

  • И.Раззаков атындагы КТЖУнун бардык бүтүрүүчү кафедраларында, институттарында бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусун көзөмөлдөө үчүн жыл сайын мониторинг жүргүзөт;

  • кадрларды керектөөнү аныктоо жана алдын ала билүү, суроо-талапка ээ адистиктердин жана бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларынын тизмесин түзөт;

  • иш издеп жаткан бүтүрүүчүлөрдүн маалыматтар базасын анкета толтуруу, резюме түзүү, электрондук маалыматтар базасын жаңылоо ж.б. жолдор менен түзөт;

  • бүтүрүүчүлөрдү жумуш берүүчүлөр тарабынан сунуш кылынган бош жумуш орундар, стажировкалар менен, ошондой эле ЦПиКке түздөн-түз кайрылуу учурунда жумуш берүүчүлөрдүн сунуштарынан түзүлгөн бүтүрүүчүлөр үчүн бош жумуш орундар базасы менен тааныштырат;

  • акыркы курстогу студенттерди белгилүү бир предприятие менен, атайын иштин өзгөчөлүктөрү менен, жумуш берүүчүлөрдүн адиске коюучу талаптары менен жандыраак тааныштыруу үчүн жумуш берүүчүлөрдүн ишке орноштуруу боюнча комиссияларынын ишине активдүү катышат.

  • Ар түрдүү практикаларды уюштуруу боюнча иштерди координациялоо;

  • Окуу процессин уюштуруу жана өндүрүштүк практика бөлүмү менен биргелешип, жаңыдан кабыл алынган студенттер үчүн адаптациялык (багыттоо) жумасын уюштуруу жана өткөрүү;

  • Өндүрүштүк жана дипломдук практикаларды өткөрүү, университеттин бүтүрүүчүлөрүн даярдоо жана ишке орноштуруу маселелери боюнда Бишкек шаарындагы, КРдын бардык облустарындагы, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү предприятиелер, уюмдар, мекемелер менен узак мөөнөттүү ишкердик мамилелерди орнотуу.

Негизги миссия

Азыркы учурда И.Раззаков атындагы КТЖУда Практика жана карьера борбору ийгиликтүү иштейт.

Борбордун негизги мисиясы:

  • КТЖУда ар түрдүү практикаларды өткөрүүнү көзөмөлдөө;
    программалардын базаларынын реестрин түзүү;
    университеттин бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштуруу жана университеттин студенттери үчүн практика өтөөчү жерлерди сунуштоо маселелери боюнча Бишкектин калкты иш менен камсыздоо борборлору, предприятиелер, уюмдар жана мекемелер менен өз ара аракеттештикти камсыздоо;
    университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн, анын ичинде ишкер муктаждардын маалыматтар базасын түзөт;
    студенттер менен бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштурууга жардам берүү максатында университетте бош жумуш орундар көргөзмөсүн, жумуш берүүчүлөрдүн карьера күндөрүн, фирмалардын жана ассоциациялардын презентацияларын жана башка иш-чараларды уюштуруу;
    предприятиелер, уюмдар менен келишимдерди түзүү;
    жумуш берүүчүлөрдүн университет менен өз ара байланышын камсыздоо.

 

 

 

 

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар