Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

С. Жусуев атындагы мамлекеттик тил борбору


Сооронбай Жусуев атындагы мамлекеттик тил борбору

«Сооронбай Жусуев атындагы мамлекеттик тил борбору» мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү максатында КР Өкмөтү,  КР Президенти, КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан мыйзамдарды, жарлыктарды, буйруктарды жана программаларды аткаруу  жана мамлекеттик тилди ЖОЖдо окутуу, үйрөтүү жана аны толук кандуу пайдалануу максатында 2015-жылы негизделген.                    

Борбор өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын  “Кыргыз Республикасынын   мамлекеттик тили” жөнүндө мыйзамын жана башка мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлык, Буйруктарын, Кыргыз Республикасынын   Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Жобосун жетекчиликке алат

Алгач Н. Исанов атындагы КМКТАУда 2014-жылдын 9-декабрындагы 1/132 буйруктун негизинде түзүлгөн. 2016-жылдын 28-сентябрында №1 токтомунун негизинде мамлекеттик тил борборуна КРнын Баатыры, кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуевдин ысымы берилген.

2019-жылы 2-сентябрда КМКТАУнун курамдык бөлүмү катары буйрук чыгып, ректораттын алдында иш алып барат. Өз ишмердүүлүгүндө «Сооронбай Жусуев атындагы мамлекеттик тил борбору” жөнүндөгү жалпы Жобонун негизинде иш алып барат. «Сооронбай Жусуев атындагы мамлекеттик тил борбору” КР ЖОЖдор арасында квалификацияны жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу максатында университеттер арасындагы байланышты бекемдөөнү көздөйт жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө карата мазмундуу иш-чараларды, илимий конференция, семинарларды  уюштуруп, адабият жана маданият тармагындагы жаңылыктарды жайылтууда кызмат өтөйт.

2022-жылдын 1-сентябрынан тартып И.Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы Сооронбай Жусуев атындагы мамлекеттик тил борбору катары иш алып барат.