Жаштар борбору

Жаштар борборунун түзүмдүк бөлүмдөрү:

      Студиялардын негизги функциялары – ар бир студенттин өзүнүн кызыкчылыктарына ылайык, окуу учурунан тышкары убактысында иш алып баруусу жана алардын бош убактысын уюштуруу. Бул студенттик уюмдар маданий-агартуу иштерин жүргүзөт, культпоходдорду, экскурсияларды, майрамдык жана башка иш-чараларды уюштурат. Алар студенттердин чыгармачылык жөндөмдөрүн ишке ашырууга шарт түзөт, конкурстар, көргөзмөлөр, поэзия кечелерине жана талкууларга катышуу аркылуу ачылат. Жаштар башкаруу боюнча көндүмдөрдү алып, социалдык жүрүм-турум маданиятын өздөштүрүшөт, коомдун ачыктыгы жана коомдук мамилелердин демократиялаштырылышы принцибине тарбияланышат. Университетте жогорку маданияты бар заманбап адам формаланып жатат. Студенттер ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча көндүмдөрдү алып, лидердин, жетекчинин ролун ойноону үйрөнүп, эстетикалык жактан көркөмдүк кабыл алуу сезимин өнүктүрөт, искусствого жакындайт.

Бакытбек уулу Улукман.

Контакттык маалыматтар: жумуш телефону (0312) 56-34-53.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар