Архитектуралык мурастарды реставрациялоо жана реконструкциялоо

«Архитектуралык реновация» кафедрасы – «Архитектуралык мурастарды реставрациялоо жана реконструкциялоо» багыты боюнча адистерди даярдоочу чыгаруу кафедрасы болуп саналат.
Кафедранын негизги ишмердүүлүгү – архитектуралык объекттерди калыбына келтирүү, ылайыкташтыруу жана жаңылоо боюнча заманбап ыкмаларды өздөштүргөн адистерди даярдоого багытталган.

Окутуу процессине архитектуранын теориясы жана тарыхы, долбоорлоо, реставрация, колористика жана архитектуралык чөйрөдөгү санарип технологияларын үйрөнүү кирет. Бул билимдер бүтүрүүчүлөргө архитектуралык мурастарды сактоо жана заманбап шарттарга ылайыкташтырып жаңылоо боюнча кесипкөй иш алып барууга мүмкүнчүлүк берет.

Кафедра 1998-жылы түзүлүп, ошол убакыттан бери КГУСТАнын чыгаруу кафедраларынын бири болуп келет. 2017-жылга чейин кафедра архитектор-реставратор (адис) багыты боюнча адистерди даярдап келген.

2012-жылдан тартып кафедра 750300 «Архитектуралык мурастарды реставрациялоо жана реконструкциялоо» багыты боюнча эки деңгээлдүү академиялык билим берүү системасына (бакалавр жана магистр) өткөн.
Окутуу күндүзгү формада, мамлекеттик бюджеттик жана контракттык негизде төмөнкү профилдер боюнча жүргүзүлөт:

  • Түзүлгөн курулушту реконструкциялоо  (бакалавр – окуу мөөнөтү 5 жыл);
  • Архитектуралык мурастарды реставрациялоо жана реконструкциялоо (магистр – окуу мөөнөтү 2 жыл).

2021-жылдан баштап кафедра PhD докторанттарды даярдоону баштаган (окуунун мөөнөтү 4 жыл).
2025-жылдан тартып адистерди даярдоо программасы ишке кирип, анын окуу мөөнөтү 6 жыл болот.

Максаттары жана милдеттери

«Архитектуралык реновация» (АР) кафедрасынын негизги максаты – студенттерге терең теориялык билим, практикалык көндүмдөр жана келечектеги реставратор кесибине зарыл болгон компетенцияларды берүү аркылуу сапаттуу адистерди даярдоо.
Бул максатка жетүү үчүн кафедрада окутуу системасы жана инфраструктурасы тынымсыз өркүндөтүлүп турат. Негизги иш багыттары төмөнкүлөр болуп саналат:

  • Кафедрага бекитилген предметтер боюнча заманбап окутуу ыкмаларын колдонуу менен окуу-усулдук ишти уюштуруу жана өткөрүү;
  • «Маданий мурастарды сактоонун көйгөйлөрү жана келечеги» темасында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана алардын жыйынтыктарын (монография, макала, окуу колдонмосу, жыйнак ж.б.) жарыялоо;
  • Маданий мурастарды сактоо маселелерин коомчулукка жайылтуу, студенттер жана абитуриенттер менен тарбиялык жана кесиптик багыт берүү иш-чараларын жүргүзүү;
  • Илимий жана долбоордук-реставрациялык ишмердүүлүк боюнча эл аралык кызматташууну өнүктүрүү;
  • Окутуучу-илимий кадрларды даярдоо, алардын квалификациясын жогорулатуу, илимий конференцияларга, семинарларга жана тренингдерге катышуу;
  • Негизги өнөктөш уюмдар менен биргеликте илимий долбоорлорду иштеп чыгуу:
    • «Кыргызреставрация» илимий-изилдөө долбоорлоо институту;
    • Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;
    • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги (Госстрой);
    • МП «Бишкекглавархитектура».

Кафедранын тарыхы

«Архитектуралык реновация» кафедрасы 1998-жылы түзүлүп, ошол мезгилден бери КГУСТАнын чыгаруу кафедраларынын бири болуп келген. 2022-жылдан тартып кафедра Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) курамындагы Архитектура жана дизайн институтуна (АДИ) киргизилген.
2017-жылга чейин кафедра архитектор-реставратор адистерин даярдап келген, ал эми 2013-жылдан тартып «Архитектуралык мурастарды реставрациялоо жана реконструкциялоо» багыты боюнча эки деңгээлдүү (бакалавр жана магистр) билим берүү системасына өткөн.
2021-жылдан тартып PhD программасы киргизилген.

2018-жылы магистрдик программа «Архитектуралык реновация» билим берүүдөгү сапатты камсыз кылуу боюнча «EdNet» агенттиги тарабынан «Практикага багытталган мыкты билим берүү программасы» номинациясында жеңүүчү деп табылган.
Кафедранын изилдөө иштери «Кыргызреставрация» институту менен тыгыз байланышта жүргүзүлүп, кафедранын филиалы ошол жерде жайгашкан. Студенттер практикалык сабактарды жана өндүрүштүк практиканы ушул институттун цехтеринде өткөрүшөт. Аларга тарыхый жана маданий эстеликтер боюнча лабораториялык база жана архивдик материалдар колдонууга берилет.

Белгилүү окутуучулар жана жетишкендиктер

«АР» багытынын өнүгүшүнө зор салым кошкон архитектура илимдеринин доктору, профессор Джумамедель Джумабаевич Иманкулов кафедраны 1998–2018-жылдары жетектеген.
Кафедрада Кыргызстандагы эң тажрыйбалуу реставрация адистери иш алып барышкан:

  • архитектор, архитектура тарыхчысы Светлана Сергеевна Меркулова;
  • химик-реставратор Надежда Александровна Ситникова;
  • искусствовед Анна Александровна Воронина ж.б.

Акыркы беш жыл ичинде институттун студенттери көптөгөн эл аралык жана республикалык сынактарга катышып, бир нече жолу дипломдорго жана жеңиштерге ээ болушкан.
Бүтүрүүчүлөр Италия, Кытай, Испания, Түркия, Франция, Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу өлкөлөрдө өткөн эл аралык архитектуралык конкурстарда лауреат болуп, мыкты дипломдук иштер катары таанылган.

Сыйлыктар жана таанылуулар

Кафедра төмөнкү жетишкендиктери менен сыймыктанат:

  • 2017-жылы өткөн 13-Эл аралык «Saint-Gobain көп комфорттуу үй долбоорлоо» конкурсу – 1-орун;
  • 2020-жылы бүтүрүүчүлөрдүн иштери V Бүткүл Россиялык «Азыркы шаардын өнүгүү драйверлери» фестивалында дипломдорго ээ болушкан;
  • Кафедра кызматкерлери Кыргызстандын Архитекторлор Союзунун дипломдору менен сыйланышкан;
  • Архитектура илимдеринин доктору Д.Д. Иманкулов МАСА (Москва) тарабынан грамоталар жана дипломдор менен сыйланган;
  • Н. Мусакеев Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты болгон;
  • Профессор Д.Д. Иманкуловдун «Карахандар доорундагы Түркестандын архитектурасы» аттуу китеби 2015-жылы II Баку эл аралык архитектура конкурсунда «Жылдын мыкты басма чыгармасы» номинациясы боюнча Гран-при сыйлыгына татыган.
Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар