Абитуриентке маалымат
Бул адистикке тапшыруучу абитуриенттер атайын предметтер боюнча экзамен тапшырышат:
«Сүрөт» жана «Композиция».
Сүрөт боюнча экзамен эки этаптан турат:
- Антикалык гипс баштын сүрөтүн тартуу;
- Геометриялык формалардан турган композицияны тартуу.
Мындан тышкары, абитуриенттер кыргыз же орус тилдери боюнча тест тапшырышат.
Кирүү экзамендерине документ тапшырганга чейин «Сүрөт» боюнча маектешүү (собеседование) өткөрүлөт.
Ага катышуу үчүн талапкерлер өздүк иштер папкасын (карандаш менен тартылган сүрөттөр, живопись) алып келиши керек.
Кафедрада сүрөт жана композиция боюнча даярдоо курстары уюштурулган.
Окутуу мамлекеттик (бюджеттик) жана контракттык (акылуу) негизде жүргүзүлөт.
Кафедра жөнүндө
«Архитектуралык мурастарды реставрациялоо жана реконструкциялоо» кафедрасы — Борбордук Азиядагы жападан-жалгыз кафедра, 1998-жылдан бери архитектор-реставраторлорду даярдап келет.
Архитектуралык мурастарды реставрациялоо — бул терең билимди, искусствону түшүнүүнү, азыркы доорду баамдоону жана келечекти алдын ала көрө билүүнү талап кылган татаал жана кызыктуу процесс.
Ушул себептен бул адистик универсалдуу болуп саналат жана заманбап жашоонун көптөгөн тармактарында колдонулушу мүмкүн.
Архитектор-реставратор дүйнө жүзү боюнча мамлекеттик мекемелерде да, эл аралык долбоорлордо да чоң суроо-талапка ээ жана баалуу, жогорку маяна алган адистердин катарына кирет.
Окууну аяктагандан кийин студенттер төмөнкү квалификацияларды алышат:
- Бакалавр даражасы – окуу мөөнөтү 5 жыл;
- Магистр даражасы – окуу мөөнөтү 2 жыл;
- PhD (докторантура) – окуу мөөнөтү 4 жыл.
Кесиптик мүмкүнчүлүктөр
Архитектор-реставратор төмөнкү тармактарда иштей алат:
- илимий-реставрациялык институттарда жана устаканаларда;
- архитектуралык жана дизайн фирмаларында;
- билим берүү мекемелеринде жана эстетикалык тарбия берүү борборлорунда;
- илимий-изилдөө жана аналитикалык уюмдарда;
- облустук жана райондук архитектура, маданият башкармалыктарында;
- тарых жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча фонддордо жана коомдук уюмдарда.
Жетишкендиктер жана сыйлыктар
Кафедранын студенттеринин дипломдук жана конкурсдук иштери эл аралык архитектуралык сынактарда үзгүлтүксүз жогорку орундарды ээлеп келишет:
- Венецияда (Италия) өткөн Ромуальдо дель Бианко фондунун I даражадагы дипломун алышкан;
- Ташкентте (Өзбекстан) өткөн эл аралык конкурстун III даражадагы дипломунун ээси болушкан;
- 2017-жылы студенттер “MULTI COMFORT HOUSE” эл аралык конкурсуна жеңүүчү болуп, Мадридге (Испания) чакырылган.
Кафедра Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиясына ээ жана ушул багыт боюнча бакалаврларды, магистрлерди жана докторанттарды даярдоого укуктуу.
2021-жылдын май айында кафедра эл аралык аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, билим берүү программаларынын сапаты тастыкталган.

