Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Магистратура


Магистрдик билим берүү программасы (МББП)

"Архитектуралык мурасты реставрациялоо жана реконструкциялоо "

Даярдоо программасынын жетекчиси:

Иманкулов Жумамедель Жумабаевич,

 профессор, доктор арх. академик МААМ, Кыргызреставрация ИИДИ директору

Магистрдик билим берүү программасы жөнүндө

Магистрдик программа 2018-жылы Көзкарандысыз Агенттик тарабынан аккредитациядан өткөн. Ошол эле жылы "мыкты практикалык-интеграцияланган билим берүү"категориясында диплом алган

Программа жаатындагы магистрлерди даярдоого багытталган

-архитектуралык чөйрөнүн тарыхый-маданий баалуулугун аныктоо максатында анын калыптанышын, азыркы абалын жана өнүгүү багытын изилдөө, маданий мурас объекттерин реконструкциялоонун жана реставрациялоонун зарылдыгын аныктоо;

-адамдын жана коомдун ыңгайлуу, гармониялуу, коопсуз жашоо-турмушун камсыз кылуу үчүн архитектуралык чөйрөнү реконструкциялоону долбоорлоо, анын тарыхый-маданий маанисин аныктоо жана сактоо;

- маданий мурас объекттерин реставрациялоону долбоорлоо;

- билим чөйрөсү жана иш чөйрөсү катары архитектуралык мурасты реконструкциялоонун жана реставрациялоонун заманбап илимий методикаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;

- архитектуралык мурас объекттерин реконструкциялоо жана реставрациялоо чөйрөсүндөгү уюмдардын ишин түзүү жана башкаруу;

-Архитектуралык мурастарды реконструкциялоо жана реставрациялоо чөйрөсүндөгү чечимдерди түшүндүрүү жана илгерилетүү боюнча заказчынын, тарыхый-маданий мурастарды коргоо органдарынын, жергиликтүү жамааттын жана башка кызыкдар тараптардын ортосундагы коммуникативдик функцияларды аткаруу; тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик органдарда жана коомдук уюмдарда администрациялык иш;

- архитектура объекттеринин абалын жана маданий-тарыхый баалуулугун экспертизалоо; архитектуралык мурас объекттерин реконструкциялоо жана реставрациялоо чөйрөсүндөгү консультациялык иш;

- архитектуралык мурасты реконструкциялоо жана реставрациялоо жаатында кесипкөй кадрларды даярдоо жана анын баалуулуктарын пропагандалоо боюнча педагогикалык иш.

Магистрдик билим берүү программасынын профессордук-окутуучулук курамы архитектура жана маданий мурастарды сактоо боюнча алдыңкы адистерден турат.

Эл аралык кызматташтык

Билим берүү программасынын профессордук-окутуучулук курамы жана магистранттар КЫРГЫЗРЕСТАВРАЦИЯ ИИДИ базасында жана эл аралык уюмдарда илимий-изилдөө долбоорлоруна активдүү катышышат.

Казакстан, Россия, Түркия, Кытай жана башка жогорку окуу жайлары менен кызматташуу жөнүндө келишим түзүлдү.

МОП бүтүрүүчүлөрүнүн жумушка орношуусу

Билим берүү программасынын бүтүрүүчүлөрү долбоордук компанияларда, архитектура жана курулуш иштери боюнча мамлекеттик башкаруу органдарында, ЖОЖдордо ишке орношушту.