Архитектуралык чөйрөнүн дизайны
"Архитектуралык чөйрөнүн дизайны"
кафедрасынын башчысы
Кожалиев Акылбек Джалилбекович
Дареги: 720020, Кыргызстан, Бишкек ш., Малдыбаев көч., 34б, 2 кампус, каб. 613
Телефон: +996 555 37-74-41
Кабыл алуу: +966 (312) 56-19-65
E-mail: kstu.das@mail.ru
750200"Архитектуралык чөйрөнүн дизайны" багыты боюнча билим берүү программасы
("Шаардык чөйрөнүн дизайны", "Интерьер дизайны"профилдери)
И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык университетинин "Архитектуралык чөйрөнүн дизайны" кафедрасы студенттерди "Архитектуралык чөйрөнүн дизайны" багыты боюнча сапаттуу даярдоо жана алардын келечектеги кесибинде зарыл болгон практикалык көндүмдөрдү, жөндөмдөрдү жана компетенцияларды алуусу үчүн профилдүү болуп саналат. Бул максатка жетүү үчүн керектүү инфраструктура түзүлгөн жана натыйжалуу окуу процессинин системасы курулган.
Студенттерди окутуу күндүзгү формада контракттык жана мамлекеттик бюджеттик негизде төмөнкү профилдер боюнча жүргүзүлөт:
Шаардык чөйрөнүн дизайны
Интерьер дизайны
Билим берүү программасынын максаттары:
1.Архитектор-дизайнердин чыгармачыл инсан катары калыптанышы,
сүрөтчүнүн көркөмдөө сапаты, изилдөөчүнүн, инженердин, процессти уюштуруучунун өзгөчөлүктөрүн айкалыштырган,
коомдун өнүгүү келечегин, ден соолукту чыңдоо милдеттерин түшүнгөн,
айлана-чөйрөнү коргоо жана архитектура алдында турган маселелерди чечүүгө жөндөмдүү,
архитектуралык чөйрөнү жана шаар курууну долбоорлоодогу кесиптин ээсин тарбиялоо.
Инсанды тарбиялоо жаатында бакалаврда төмөнкүдөй сапаттарды калыптандыруу.
(Максатка умтулуу, уюштуруучулук, эмгекчилдик, жоопкерчилик,
жарандуулук, толеранттуулук, коммуникабелдүүлүк, социалдык-
маданий жана эстетикалык сабаттуулук.)
Бүтүрүүчүнүн кесиптик ишмердиги жаатында: билимдеги,
ишмердиктеги, материалдык жана руханий маданият жаатындагы көндүмдөрү:
илимдин, техниканын, искусствонун натыйжаларын жана каражаттарын синтездөө менен
адамдын бир бүтүн предметтик-мейкиндиктеги жашоо чөйрөсүн түзүү жана аны:
изилдеп долбоорлоо; коммуникативдик, медиациялык функцияларды аткаруу;
дизайн процессин башкарууга катышуу.
«АРХИТЕКТУРАЛЫК ЧӨЙРӨНҮН ДИЗАЙНЫ» КАФЕДРАСЫ
1992-ж. в КАКИ (КМКТАУ) «Архитектуралык долбоорлоонун негиздери» кафедрасынын базасында «Архитектуралык чөйрөнүн дизайны» адистиги боюнча архитекторлорду даярдоо чечими кабыл алынган.Окуу-усулдук материалдарды даярдоо архитектуранын кандидаттары, аталган кафедранн улук окутуучулары А.В.Пастуховго жана В.И.Литвиновго милдеттендирилген. Ал убакта кафедранын окутуучулары Москва архитектуралык институтта (РФ МАрхИ) кафедрадагы иштерди уюштуруу жана алып баруу боюнча максаттуу стажировакадан өтүшкөн.
1993-ж. «Архитектуралык чөйрөнүн дизайны» кафедрасынын ачылышы болуп өттү.
Архитектуралык чөйрөнүн дизайны» (АЧД). Кафедранын туңгуч башчысы болуп арх. канд., Литвинов Валерий Иванович дайындалган. Архитектуралык факультеттин 3-курсунун студенттеринен
ХПА-1-90 (Ансамблдерди көркөм долбоорлоо) эксперименталдык тобу түзүлгөн. Биринчи архитектор-дизайнерлерди даярдап чыгаруу 1995-ж.болгон.
1993-2021-ж.ж. АЧД кафедрасынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө өз салымдарын кошкон жетекчилер:
1995-1996-ж.ж. – Михайлов Николай Петрович, архитектуранын кандидаты, доцент;
1996-1998-ж.ж. – Смирнов Юрий Николаевич, архитектуранын кандидаты, доцент;
1998-1999-ж.ж. – Тянь Валерий Дмитриевич, архитектуранын кандидаты, доцент;
1999-2000-ж.ж. – Багринцева Татьяна Николаевна, доценттин м.а.;
2000-2001-ж.ж. – Кожокматова Батыш Сатындиевна, доценттин м.а.;
2001-2008-ж.ж. - Конурбаев Эмиль Кабылбекович, доценттин м.а.;
2008-2018-ж.ж. - Сатаев Калдыбек Асанбекович, доценттин м.а.;
2018-2019-ж.ж. - Ташкулов Улан Байышович, доценттин м.а.;
2019-2021-ж.ж. - Халмурзаева Гаухар Баймурзаевна, архитектуранын кандидаты, доцент.
2021-ж. тартып кафедраны доц.м.а. Кожалиев Акылбек Джалилбекович жетектейт. Кафедранын ПОТ 28 а. турат, анын ичинде 2 арх. канд., доц. жана 2 юр.и.канд., доц., 1 проф. МААМ, 3 доц.м.а., 9 улук окутуучу жана 7 окутуучу, алардын арасында КР эмгек сиңирген куруучу, Архитекторлор бирикмесинин жана КР дизайнерлер союзунун мүчөлөрү, КР билим берүүсүнү мыктылары, Бишкек ш. архитектуралык фирмалардын адистери бар.
Кафедра архитектуралык чөйрөнүн дизайны тармагы боюнча адистерди эки адистиктер боюнча даярдайт:«Шаардык чөйрөнүн дизайны» жана «Интерьердин дизайны». 2012-ж. тартып «АЧД» кафедрасы 750200-«Архитектуралык чөйрөнүн дизайны» (бакалавр жана магистр) багыттары боюнч адистерди 2 деңгээлдүү даярдоого өттү. Студенттерди окутуу күндүзгү формада келишимдик жана мам.бюджеттик негизде төмөндөгү профилдер боюнча жүргүзүлөт: 1) шаардык чөйрөнүн дизайны; 2) интерьердин дизайны 3) чыгыш архитектурасы жана дизайн. Жаңы «Ландшафттык дизайн» жана «Чөйрөнүн графикалык дизайны» профилдерди ачуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бүтүрүүчүлөргө «Архитектуралык чөйрөнүн дизайны» багыты боюнча бакалаврдын диплому «Архитектор-дизайнер» квалификациясын ыйгаруу жана объекттерди долбоорлоо укугу менен берилет.
«АЧД» кафедрасынын студенттери ар түрдүү республикалык, эл аралык студенттик сынактарга жана конференцияларга жигердүү катышып келишет.
Бүтүрүүчүлөрдүн дипломдук иштери КМШ жана жакыкы чет өлкөлөрүнүн ЖОЖдору арасындагы жыл сайын өтүүчү эл аралык кароо-сынактарда жогорку сыйлыктарга татыктуу болушкан. 2004-ж. кафедранын окутуучулары жана студенттери эл аралык архитектуралык сынактын призерлору болушкан жана Эл аралык дизайнерлердин ассоциациясына кабыл алынышкан. Кафедра чыгармачыл өнөрканалар менен жигердүү кызматташууда, кафедранын филиалдары чыгармачыл өнөрканаларда жана фирмаларда бар. Кафедранын кызматкерлери архитектуранын теориясы жана тарыхы тармагы, архитектуралык билим берүүнүн көйгөйлөрү боюнча ИИИ жүрүзүшүүдө. Архитектуралык билим берүүнүн жана инновациянын сапатын жогорулатуу жолдору жана методологиялык, уюштуруучулук реформа суроолору каралууда. Окутуучулар чет элдик стажировкалардын өтүштү жана Россия, АКШ, Италия, Египет, Өзбекстан, Тажикстан жана Казахстандын ЖОЖдору тарабынан уюштурулган эл аралык илимий конференцияларга катышышты. Биздин студенттер окутуучулардын жетекчилиги астында реалдуу архитектуралык объекттерди иштеп чыгуу жана алардын дизайнын иштеп чыгышууда, кесиби боюнча практикалык шыктарга ээ болушууда.

