Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

 «АРХИТЕКТУРАЛЫК ЧӨЙРӨНҮН ДИЗАЙНЫ» КАФЕДРАСЫ

1992-ж. в КАКИ (КМКТАУ) «Архитектуралык долбоорлоонун негиздери» кафедрасынын базасында «Архитектуралык чөйрөнүн дизайны» адистиги боюнча архитекторлорду даярдоо чечими кабыл алынган.Окуу-усулдук материалдарды даярдоо архитектуранын кандидаттары, аталган кафедранн улук окутуучулары А.В.Пастуховго жана В.И.Литвиновго милдеттендирилген. Ал убакта кафедранын окутуучулары Москва архитектуралык институтта (РФ МАрхИ) кафедрадагы иштерди уюштуруу жана алып баруу боюнча максаттуу стажировакадан өтүшкөн.

1993-ж. «Архитектуралык чөйрөнүн дизайны» кафедрасынын ачылышы болуп өттү.

Архитектуралык чөйрөнүн дизайны» (АЧД). Кафедранын туңгуч башчысы болуп арх. канд., Литвинов Валерий Иванович дайындалган. Архитектуралык факультеттин 3-курсунун студенттеринен

 

 ХПА-1-90 (Ансамблдерди көркөм долбоорлоо) эксперименталдык тобу түзүлгөн. Биринчиархитектор-дизайнерлерди даярдап чыгаруу 1995.болгон.

1993-2021-ж.ж. АЧД кафедрасынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө өз салымдарын кошкон жетекчилер:

 1995-1996-ж.ж. – Михайлов Николай Петрович, архитектуранын кандидаты, доцент;

 1996-1998-ж.ж.  – Смирнов Юрий Николаевич, архитектуранын кандидаты, доцент;

1998-1999-ж.ж. – Тянь Валерий Дмитриевич, архитектуранын кандидаты, доцент;

1999-2000-ж.ж. – Багринцева Татьяна Николаевна, доценттин м.а.;

2000-2001-ж.ж. – Кожокматова Батыш Сатындиевна, доценттин м.а.;

 2001-2008-ж.ж. - Конурбаев Эмиль Кабылбекович, доценттин м.а.;

2008-2018-ж.ж. - Сатаев Калдыбек Асанбекович, доценттин м.а.;

2018-2019-ж.ж. - Ташкулов Улан Байышович, доценттин м.а.;

2019-2021-ж.ж. - Халмурзаева Гаухар Баймурзаевна, архитектуранын кандидаты, доцент.

      2021-ж. тартып кафедраныдоц.м.а. Кожалиев Акылбек Джалилбекович жетектейт. Кафедранын ПОТ 22 а. турат, анын ичинде 1 арх. канд., доц. жана 1 юр.и.канд., доц., 1 проф. МААМ, 2 доц.м.а., 9 улук окутуучу жана 7 окутуучу, алардын арасында  КР эмгек сиңирген куруучу, Архитекторлор бирикмесинин жана  КР дизайнерлер союзунун мүчөлөрү, КР билим берүүсүнү мыктылары, Бишкек ш. архитектуралык фирмалардын адистери бар.

Кафедраархитектуралык чөйрөнүн дизайны тармагы боюнча адистерди эки адистиктер боюнча даярдайт:«Шаардык чөйрөнүн дизайны» жана «Интерьердин дизайны». 2012-ж. тартып «АЧД» кафедрасы 750200-«Архитектуралык чөйрөнүн дизайны» (бакалавр жана магистр) багыттары боюнч  адистерди 2 деңгээлдүү даярдоого өттү. Студенттерди окутуу күндүзгү формада келишимдик жана мам.бюджеттик негизде төмөндөгү профилдер боюнча жүргүзүлөт: 1) шаардык чөйрөнүн дизайны; 2) интерьердин дизайны 3) чыгыш архитектурасы жана дизайн. Жаңы «Ландшафттык дизайн» жана «Чөйрөнүн графикалык дизайны» профилдерди ачуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бүтүрүүчүлөргө  «Архитектуралык чөйрөнүн дизайны» багыты боюнча бакалаврдын диплому «Архитектор-дизайнер» квалификациясын ыйгаруу жана  объекттерди долбоорлоо укугу менен берилет.

«АЧД» кафедрасынын студенттери ар түрдүү  республикалык, эл аралык студенттик сынактарга жана конференцияларга жигердүү катышып келишет.

Бүтүрүүчүлөрдүн дипломдук иштери КМШ жана жакыкы чет өлкөлөрүнүн ЖОЖдору арасындагы жыл сайын өтүүчү эл аралык кароо-сынактарда жогорку сыйлыктарга татыктуу болушкан. 2004-ж. кафедранын окутуучулары жана студенттери  эл аралык архитектуралык сынактын призерлору болушкан жана Эл аралык дизайнерлердин ассоциациясына кабыл алынышкан. Кафедра чыгармачыл өнөрканалар менен жигердүү кызматташууда, кафедранын филиалдары чыгармачыл өнөрканаларда жана фирмаларда бар. Кафедранын кызматкерлери архитектуранын теориясы жана тарыхы тармагы, архитектуралык билим берүүнүн көйгөйлөрү боюнча ИИИ жүрүзүшүүдө. Архитектуралык билим берүүнүн жана инновациянын сапатын жогорулатуу жолдору жана методологиялык, уюштуруучулук реформа суроолору каралууда. Окутуучулар чет элдик стажировкалардын өтүштү жана Россия, АКШ, Италия, Египет, Өзбекстан, Тажикстан жана Казахстандын ЖОЖдору тарабынан уюштурулган эл аралык илимий конференцияларга катышышты. Биздин студенттер окутуучулардын жетекчилиги астында реалдуу архитектуралык объекттерди иштеп чыгуу жана алардын дизайнын иштеп чыгышууда, кесиби боюнча практикалык шыктарга ээ болушууда.