Физика
«ФИЗИКА» КАФЕДРАСЫНЫНА ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨ
«Физика» кафедрасы 1954-жылы Фрунзе политехникалык институт менен бир убакта түзүлгөн жана жогорку окуу жайдагы улуу кафедралардын бири болуп саналат.
Кафедранын миссиясы – жогорку технологиялык тармактарда физикалык принциптерди колдоно алган жаңы муундагы инженерлерге фундаменталдык физикалык даярдык берүү.
Стратегиялык максаты – республикада базалык инженердик даярдоо боюнча алдыңкы кафедра болуу жана илимий изилдөөлөр менен интеграцияны өнүктүрүү.
Кафедра И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин бардык багыттары боюнча бакалаврларды даярдоого катышат жана университеттин бардык институттарында сабак өтөт: Маалыматтык технологиялар институту (МТИ), Архитектура жана дизайн институту (АДИ), Кыргыз тоо-кен жана металлургия институту (КТМИ), Кыргыз инженердик-курулуш институту (КИКИ), Кыргыз-Герман техникалык институту (КГТИ), Технологиялык институт (ТИ), Энергетика институту (ЭИ), Экономика жана бизнес жогорку мектеби (ЭБЖМ),Политехникалык колледж.
Окутуу күндүзгү жана аралыктан (дистанциялык) формаларда жүргүзүлөт.
Кафедрага 4 дисциплина бекитилген: «Физика I», «Физика II», «Физика», «КСЕ». Бардык дисциплиналар боюнча кафедранын окутуучулары лекцияларды, практикалык жана лабораториялык сабактарды өткөрүшөт.
Кафедрада жогорку квалификациялуу профессордук-окутуучулук курам иштейт. Алардын ичинде 8 илимий даражалуу кызматкер бар:2 физика-математика илимдеринин доктору; 2 техника илимдеринин кандидаты; 1 физика-математика илимдеринин кандидаты; 1 биология илимдеринин кандидаты; 2 педагогика илимдеринин кандидаты.
Кафедранын негизги милдети – студенттерге сапаттуу билим берүү, профессордук-окутуучулук курамдын жана окуу-көмөкчү кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, материалдык-техникалык базаны жана окуу-методикалык камсыздоону өнүктүрүү жана сактоо.
Кафедрада окуу процессин өркүндөтүүгө жана билим берүүнү санариптештирүүгө багытталган илимий-методикалык мамлекеттик бюджеттик тема иштелип чыгууда. Анын алкагында: окуу программаларын модернизациялоо; классикалык физикадан инженердик багыттагы физикага өтүү; электрондук окутуу ыкмаларын киргизүү; электроника, фотоника, материал таануу жана энергетика тармактарынан кейстерди интеграциялоо; симуляторлорду жана виртуалдык лабораторияларды колдонуу ишке ашырылууда.
Кафедрада окуу-методикалык семинар туруктуу иштеп, анда окутуучулардын методикалык иштелмелери талкууланат. Жыл сайын кыргыз жана орус тилдеринде окуу куралдары, методикалык көрсөтмөлөр, лабораториялык жана өз алдынча иштерди аткаруу боюнча колдонмолор, маселелер жыйнактары басылып чыгарылат.
Кафедрада виртуалдык лабораториялык иштер түзүлгөн, лабораториялык стенддер жаңыланган. Учурда 6 окуу лабораториясы жана компьютердик класс иштейт.

