Жаңылык

2025-жылдын 25-октябрында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде кызматкерлер арасында Университет күнүнө арналган эркектер арасындагы шахмат боюнча достук турнир өткөрүлдү. Бул турнирде “Физика” кафедрасынын к.т.н., доценти Азимбаев Т. биринчи орунду багындырды.  
Кесиптешибизди чын жүрөктөн куттуктап, агайга мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз! 🏆♟️

2025-жылдын 23-сентябрында И.Раззаков Атындагы КМТУде кыргыз тилинин мамлекеттик макамга ээ болгонуна 36 жыл толгон күнгө арналган «Мамлекеттик тил – улуттун уӊгусу, көөнөрбөс мурасы» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

"Физика" кафедрасынын окутуучусу Турдубаева Чынара Болотобековна мамлекеттик тилди окутууда, аны илимий, академиялык жана уюштуруучулук иштерде кеңири колдонууга өбөлгө түзүү максатында өткөрүлгөн иш-чараларды уюштурууда көрсөткөн активдүүлүгү жана демилгелүү эмгеги үчүн ардак грамота менен сыйланды.
Кесиптешибизди чын жүрөктөн куттуктап, ийгиликтерди каалайбыз.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар