Жалпы физика жаратылышты таануунун азыркы концепциялары.
Окуу окутуунун бардык түрлөрү боюнча жүргүзүлөт.
Кафедрадагы усулдук иштер, аптадагы аткарылуучу иштердин негизги тобуна кирет жана окуу процессиндеги сапаттарды көтөрүү; окутуучулардын, профессорлордун жана илим изилдөө кызматкерлердин, уюмдардын профессионалдык деңгээлдерин көтөрүүгө багытталган.
Усулдук иштерге төмөнкүлөр кирет:
Ар бир сабак боюнча окуу – методикалык (ОМК) комплекстерди иштеп чыгуу жана өнүктүрүү;
Профессорлордун жана окутуучулардын педогогикалык ишмердигин жана профессионалдуулугун жогорулатуу, окутуучулардын өз – ара сабактарына катышуу;
Окуу сабактарды уюштуруу жана текшерүү жүргүзүү;
Кафедранын, факультеттин жана университеттин илимий кенешинде окуутуунун жана тарбиялоонун методикаларын кароо;
Кыргыз жана орус тилдеринде окуу китептерди, окуу – методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу.
Кафедрага бекитилген (тиешелүү) бардык сабактар боюнча кредиттик технология боюнча окуган студенттер үчүн окуу процесстерге тиешелүү программалар, силлабустар иштелип чыккан жана окуу процесстерине киргизилген
Окуу планы жана программалар, жыл сайын окуу – методикалык семинарларда каралып, толукталып турат. Кафедранын окутуучулары окуу методикалык комплексти убагы менен карап, толуктоолорду киргизип турушат.