Окуу иштери

Физика - жогорку окуу жайлардын табигый илимдер жана техникалык факультеттериндеги окуу процессинин негизги курамдык бөлүктөрүнүн бири болуп саналат. Инженерди фундаменталдык даярдоонун эң маанилүү бөлүгү – бул базалык физика, аны «Физика» кафедрасы камсыз кылууга тийиш.

Кафедрага төмөнкү 4 дисциплина бекитилген: «Физика», «Физика I», «Физика II», «Заманбап табият таануунун концепциялары» (КСЕ).

«Заманбап табият таануунун концепциялары» (КСЕ) дисциплинасы бир семестр бою төмөнкү институттарда окутулат: Кыргыз-Герман техникалык институту (КГТИ), Маалыматтык технологиялар институту (МТИ), Техникалык факультет (ТФ).

Кафедранын негизги милдети — студенттерге сапаттуу билим берүү, профессордук-окутуучулук курамдын (ПОК) жана окуу-көмөкчү персоналдын (ОКП) квалификациясын жогорулатуу, материалдык-техникалык базаны жана окуу-методикалык камсыздоону жакшыртуу жана сактоо.

Кафедранын жыйындарында жана методикалык семинарларында окутуунун мазмунун жана түзүмүн мындан ары өркүндөтүү, окутуунун усулдарын жакшыртуу, электрондук окутуу жана билимди баалоо ыкмаларын окуу процессине киргизүү маселелери үзгүлтүксүз талкууланат. Студенттердин аудиториялык жана өз алдынча иштерин айкалыштыруу, окуу процессин жаңы программалар менен камсыз кылуу, учурдагы көзөмөлдү уюштуруу жана студенттер менен иштөөнүн ыкмаларын өркүндөтүү маселелери чечилет.

Кафедрада окуу процессин өркүндөтүүгө арналган илимий-методикалык мамлекеттик бюджеттик тема иштелип чыгууда. Жалпы физика курсу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлөт: теориялык материал менен катар типтүү маселелер жана теориялык материалды өздөштүрүүнү текшерүүчү суроолор, лабораториялык практикумга даярдануу үчүн материалдар камтылат.

Физиканы окутуунун ажырагыс бөлүгү – лабораториялык физикалык практикум болуп эсептелет. Ошондой эле физиканын бардык бөлүмдөрү боюнча виртуалдык лабораториялык иштер түзүлгөн. Кафедранын окутуучулары тарабынан лабораториялык иштерди өткөрүү үчүн орус жана кыргыз тилдеринде методикалык колдонмолор даярдалып, басылып чыгарылган.

“Физика” кафедрасынын 2025-2026 окуу жылына карата иш планы

Кыргыз тили боюнча “Физика” кафедрасынын 2025-2026-окуу жылына карата иш-планы

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар