Жанылыктар

ФИЗИКА КАФЕДРАСЫНЫН ИЛИМИЙ ЖУМАЛЫГЫ

«ИЛИМ ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАР: ЗАМАНБАП ТЕХНИКАДАГЫ ФИЗИКАНЫН ОРДУ»

 

2026-жылдын 2–6-ноябрь күндөрү И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин физика кафедрасында 10-ноябрь — Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата «Илим жана инновация: физиканын заманбап техникадагы орду» аттуу илимий жумалык өткөрүлдү.

Илимий жумалыктын негизги максаты — илимдин жана инновациянын өнүгүшүндөгү физиканын маанисин белгилөө, заманбап техниканын өнүгүшүндөгү физикалык билимдердин ролун көрсөтүү, окутуучулар менен студенттердин илимий кызыгуусун арттыруу, ошондой эле илимий-методикалык тажрыйба алмашууга шарт түзүү болду. Илимий жумалыктын иш-чаралары 2–6-ноябрь күндөрү саат 14:30да 1/428-аудиторияда өткөрүлдү.

2-ноябрь — илимий жумалыктын ачылышы.

Илимий жумалык кафедра башчысы, ф-м.и.к., доцент Конушбаева А.Т. тарабынан ачылды. Ачылыш аземинде илимдин коомдогу орду, физика илиминин заманбап техниканын өнүгүшүндөгү мааниси жана илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүнүн актуалдуулугу белгиленди.

Андан соң ф-м.и.д., профессор Ю.Х. Исманов тарабынан «Ядерная энергетика» темасында илимий баяндама жасалды. Баяндамада ядролук энергетиканын өзгөчөлүктөрү, анын энергетика тармагындагы мааниси жана заманбап технологияларда колдонулушу тууралуу маалыматтар берилди.

3-ноябрь — илимий баяндама.

Кафедранын б.и.к., доценти Т.К. Азимбаев тарабынан «Определение антиокислительной, антирадикальной активности химических соединений и биологических жидкостей хемилюминесцентным методом» аттуу темада баяндама жасалды.

Баяндамада химиялык кошулмалардын жана биологиялык суюктуктардын антиоксиданттык жана антирадикалдык активдүүлүгүн хемилюминесценттик ыкма аркылуу аныктоонун өзгөчөлүктөрү каралды. Илимий изилдөөлөрдө колдонулуучу аталган ыкманын мааниси жана практикалык мүмкүнчүлүктөрү түшүндүрүлдү.

4-ноябрь — санариптик педагогика боюнча илимий-методикалык иш-чара.

Ф-м.и.д., профессор, КР УИАнын мүчө-корр., Р.М. Султаналиеванын жетекчилигинде «Мугалимдер үчүн санариптик педагогика: онлайн жана гибриддик окутууда заманбап куралдарды колдонуу» темасында баяндама жасалды.

Баяндаманы кафедранын улук окутуучулары Тынышова А.Т. жана Керменбаева Н.С. окушту. Анда билим берүү процессинде санариптик технологияларды колдонуу, онлайн жана гибриддик окутуунун мүмкүнчүлүктөрү, заманбап билим берүү платформалары жана интерактивдүү окутуу каражаттары талкууланды.

5-ноябрь — STEM билим берүү багытындагы илимий-методикалык иш-чара.

Р.М. Султаналиеванын жетекчилигинде «Жогорку техникалык окуу жайларында физиканы STEM негизинде окутуу» темасында баяндама жана талкуу өткөрүлдү.

Иш-чарага кафедранын окутуучулары Сейдакматова А.С. жана Кашымбетова А. Э. катышты. Баяндамада физиканы STEM негизинде окутуунун өзгөчөлүктөрү, теориялык билимдерди практикалык эксперименттер менен айкалыштыруу, студенттердин инженердик жана изилдөөчүлүк компетенттүүлүктөрүн өнүктүрүү маселелери каралды.

Ошондой эле физика сабагында эксперименталдык тапшырмаларды, долбоордук иштерди жана практикалык изилдөөлөрдү колдонуунун мааниси белгиленди.

6-ноябрь — электродинамиканы окутуунун уланмалуулугу боюнча илимий-методикалык иш-чара.

Кафедранын п.и.к., доценти Мурзаибраимова Б.Б. жана кафедранын улук окутуучусу Бердибекова К.Н. тарабынан «Электродинамиканы окутуунун мектептен жогорку техникалык билим берүүгө чейинки уланмалуулугу: мазмунду жана окутуу технологияларын модернизациялоонун илимий-методикалык аспектилери» темасында баяндама жасалды. Баяндамада мектептик жана жогорку техникалык билим берүүдө электродинамика бөлүмүн окутуунун уланмалуулугу, окуу мазмунун өркүндөтүү, заманбап окутуу технологияларын колдонуу жана студенттердин физикалык түшүнүктөрүн тереңдетүү маселелери талкууланды.

Илимий жумалыктын соңунда жыйынтыктоочу талкуу өткөрүлүп, катышуучулардын пикирлери угулду. Иш-чаранын жүрүшүндө илимий изилдөөлөрдүн, инновациялык технологиялардын жана заманбап педагогикалык ыкмалардын физиканы окутуудагы мааниси белгиленди. Активдүү катышкан студенттерди белгилөө жана келечектеги илимий-методикалык иш-чараларды уюштуруу боюнча сунуштар каралды.

ЖЫЙЫНТЫК

Жыйынтыктап айтканда, «Илим жана инновация: физиканын заманбап техникадагы орду» аттуу илимий жумалык өз максатына жетти. Иш-чаранын алкагында физика илиминин актуалдуу багыттары, ядролук энергетика, илимий изилдөө ыкмалары, санариптик педагогика, STEM билим берүү жана физиканы окутуунун заманбап методдору боюнча маанилүү маалыматтар берилди.

Илимий жумалык окутуучулардын илимий-методикалык тажрыйбасын өркүндөтүүгө, жаңы идеялар менен бөлүшүүгө жана студенттердин илимге болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү.

Келечекте мындай илимий иш-чараларды үзгүлтүксүз уюштуруу, студенттерди илимий изилдөөлөргө кеңири тартуу, эксперименталдык жана инновациялык окутуу ыкмаларын өнүктүрүү сунушталат.

 

Илимий жумалык кафедра башчысы, ф-м.и.к., доцент Конушбаева А.Т. тарабынан ачылды.
ф-м.и.д., профессор Ю.Х. Исманов тарабынан «Ядерная энергетика» темасында илимий баяндама жасалды.
Кафедранын б.и.к., доценти Т.К. Азимбаев тарабынан «Определение антиокислительной, антирадикальной активности химических соединений и биологических жидкостей хемилюминесцентным методом» аттуу темада баяндама жасалды.
Р.М. Султаналиеванын жетекчилигинде «Жогорку техникалык окуу жайларында физиканы STEM негизинде окутуу» темасында баяндама жана талкуу өткөрүлдү.
Ф-м.и.д., профессор, КР УИАнын мүчө-корр., Р.М. Султаналиеванын жетекчилигинде «Мугалимдер үчүн санариптик педагогика: онлайн жана гибриддик окутууда заманбап куралдарды колдонуу» темасында баяндама жасалды. Баяндаманы кафедранын улук окутуучулары Тынышова А.Т. жана Керменбаева Н.С. окушту.
Кафедранын п.и.к., доценти Мурзаибраимова Б.Б. жана кафедранын улук окутуучусу Бердибекова К.Н. тарабынан «Электродинамиканы окутуунун мектептен жогорку техникалык билим берүүгө чейинки уланмалуулугу: мазмунду жана окутуу технологияларын модернизациялоонун илимий-методикалык аспектилери» темасында баяндама жасалды.

🎓 День энергетики в КГТУ им. И. Раззакова ⚡

22 декабря 2025 года в Кыргызском государственном техническом университете им. И. Раззакова состоялось торжественное мероприятие, посвящённое Дню энергетики.В рамках мероприятия грамотой была награждена доцент кафедры физики Конушбаева Айнур Токтосуновна — за добросовестный труд, высокий профессионализм и вклад в подготовку будущих специалистов.

Поздравляем и желаем дальнейших успехов в научно-педагогической деятельности! 👏

🏛️ Happy University Day!

On October 25, 2025, a friendly chess tournament among male university staff members was held at Kyrgyz State Technical University named after I. Razzakov in celebration of University Day.

The first-place winner was T. Azimbaev, PhD in Engineering, Associate Professor of the Department of Physics.

Congratulations to our colleague on his well-deserved victory! We wish him continued success and new achievements! ♟️🏆

📚 23 сентября — День государственного языка

23 сентября 2025 года в КГТУ им. И. Раззакова состоялось торжественное мероприятие, посвящённое 36-летию кыргызскому языку статуса государственного, под названием «Государственный язык — основа нации, вечное наследие».

Преподаватель кафедры «Физика» Турдубаева Чынара Болотобековна была награждена Почётной грамотой за активное участие и инициативную деятельность в проведении мероприятий, направленных на популяризацию государственного языка в научной, академической и организационной сферах.

От всей души поздравляем нашу коллегу и желаем дальнейших успехов!

🎓 КМТУда Энергетиктер күнү ⚡

2025-жылдын 22-декабрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Энергетиктер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.Иш-чаранын алкагында ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана келечектеги адистерди даярдоого кошкон салымы үчүн физика кафедрасынын доценти Конушбаева Айнур Токтосуновна Ардак грамота менен сыйланды.

Куттуктайбыз жана илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!

🏛️ Университет күнүңөр менен! 🎉

2025-жылдын 25-октябрында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде кызматкерлер арасында Университет күнүнө арналган эркектер арасындагы шахмат боюнча достук турнир өткөрүлдү. Бул турнирде “Физика” кафедрасынын к.т.н., доценти Азимбаев Т. биринчи орунду багындырды.  
Кесиптешибизди чын жүрөктөн куттуктап, агайга мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз! 🏆♟️

23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү 📚

2025-жылдын 23-сентябрында И.Раззаков Атындагы КМТУде кыргыз тилинин мамлекеттик макамга ээ болгонуна 36 жыл толгон күнгө арналган «Мамлекеттик тил – улуттун уӊгусу, көөнөрбөс мурасы» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

"Физика" кафедрасынын окутуучусу Турдубаева Чынара Болотобековна мамлекеттик тилди окутууда, аны илимий, академиялык жана уюштуруучулук иштерде кеңири колдонууга өбөлгө түзүү максатында өткөрүлгөн иш-чараларды уюштурууда көрсөткөн активдүүлүгү жана демилгелүү эмгеги үчүн ардак грамота менен сыйланды.
Кесиптешибизди чын жүрөктөн куттуктап, ийгиликтерди каалайбыз.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар