Кафедранын илим – изилдөөдөгү ишкердиги
ИИИ
Кафедранын окутуучулары тарабынан илимий-изилдөө темалары иштелип чыгууда: алардын ичинен 1 тема Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан гранттык негизде каржыланат, ал эми 2 тема мамлекеттик бюджеттик негизде, бирок каржылоосуз жүргүзүлөт.
КР Билим берүү жана илим министрлигинин гранты менен каржыланган тема:
«Физикалык талаалардын тоо тектеринин бузулуу энергия сыйымдуулугуна тийгизген таасирин изилдөө».
Долбоордун жетекчиси – ф.-м.и.д., профессор Султаналиева Р.М.
Аткаруучулар: ф.-м.и.к., доцент Конушбаева А.Т., б.и.к., доцент Азимбаев Т.К., окутуучу Турдубаева Ч.Б.
Кафедрада тышкы каржылоосуз төмөнкү багыт боюнча илимий изилдөөлөр жүргүзүлүүдө:
Тема: «Жогорку окуу жайда физиканы окутуунун жаңы технологиялары».
Жетекчиси – проф. Султаналиева Р.М.
Аткаруучулар: Байболотова Б.Б., Мурзаибраимова Б.Б., Керменбаева Н.С., Бердибекова К.Н., Эмилева Ч.Т.
Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы студенттердин илимий-изилдөө иштери (СИИИ) менен активдүү алектенет, максаты – бакалаврларды илимий ишмердүүлүккө эрте тартуу. Студенттер илимий жана инженердик долбоорлор сынактарына катышышат. Кафедра тарабынан берилген консультациялар студенттерде илимий ой жүгүртүүнү жана изилдөө жүргүзүү көндүмдөрүн калыптандырууга жардам берет.
Студенттер университет тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү жаш окумуштуулардын, аспиранттардын, магистранттардын жана студенттердин илимий-техникалык конференцияларына катышышат. Катышуучулардын арасында 1-курс студенттери да болгондуктан, айрым баяндамалар рефераттык мүнөздө болсо, көпчүлүгү колдонмо жана илимий багытта макет, модель жана конструкция түрүндө даярдалат. Эң мыкты баяндамалар Известия КГТУ им. И. Раззакова журналына жарыялоого сунушталат.
«Физика» кафедрасынын мектеп–жогорку окуу жай программасынын алкагындагы ишмердүүлүгү
Кафедра Бишкек жана Талас шаарларынын, ошондой эле Талас облусунун мектептери менен өнөктөштүк мамилелерди активдүү өнүктүрүүдө. Алардын ичинде:№61 АФМШЛ мектеби;№9 окуу-тарбия комплекси;«Газпром» мектеби;Талас шаарындагы «Манас» лицей-интернаты.
2022-жылдан тартып кафедра Кыргыз Республикасынын 8 облусундагы 13 мектеп менен кызматташууда. Кызматташтыктын негизги багыттары төмөнкүлөр:Биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү;Аймактардан келген мугалимдер кафедрада квалификациясын жогорулатышат: физиканын ар түрдүү бөлүмдөрү боюнча лекцияларды угушат, лабораторияларда практикалык сабактардан өтүшөт, компьютердик технологияларды колдонуу, тест түзүү, презентация даярдоо ж.б. көндүмдөрдү өздөштүрүшөт;Кафедранын окутуучулары мектептерде мастер-класстарды жана илимий семинарларды өткөрүшөт, бул окуучулардын физикага болгон кызыгуусун арттырып, кесиптик багыт берүүгө өбөлгө түзөт;Мектеп окуучулары кафедранын окутуучуларынын жетекчилиги алдында илимий долбоорлорду аткарууга жана илимий-изилдөө ишине тартылышат.
- Ф.-м.и.к., доц. Конушбаеванын жетекчилиги алдында №61 АФМШЛ мектебинин окуучулары Жалалова С.А., Каулькина К.И., Абдрахманова Э.Б., Багирян Л.К. «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары» сынагына катышып, Бишкек шаарында 1-орунду ээлешкен. Долбоордун темасы: «Пластикти кайра иштетүү».
- Профессор Р.М. Султаналиева, доцент А.Т. Конушбаева жана Бишкек шаарындагы UWIS эл аралык мектебинин окуучусу Бектур Баратали уулу менен биргеликте КР УИАнын ИМАиГ илимий-техникалык журналында илимий макала жарыяланган.
“Физика” кафедрасынын аспиранттары жана докторлору
№ | Ф.А.А | Шифри | Багыты | Илимий жетекчиси |
1 | Конушбаева Айнур Токтосуновна (докторант) | 01.02.04 | Механика деформируемого твердого тела | д.ф.-м.н., проф. Султаналиева Р.М. |
2 | Керменбаева Нургул Сатаркулова | 13.00.02 | Теория и методика обучения воспитания | д.ф.-м.н., проф. Султаналиева Р.М. |
3 | Турдубаева Чынаркүл Болотбековна | 01.02.04 | Механика деформируемого твердого тела | д.ф.-м.н., проф. Султаналиева Р.М. |
4 | Тынышова Айнура Медеркуловна |
| Теория обучения и воспитания (физика) | д.ф.-м.н., проф. Султаналиева Р.М. |

