Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Окуу куралдарын даярдоо тартиби


Кыргыз тилинде даярдалган жана Кыргыз
Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин
каржылоосу менен басмадан чыгарууга сунуштала турган окуу китептерине коюлган талаптар:

1. Окуу куралдары окутулуп жаткан адистиктерге жана багыттарга түздөн-түз арналып, анын маңызы Мамлекеттик билим берүү стандартына шайкеш келиш керек. Бул шарт университеттеги окуу-методикалык бирикменин сунушу менен аныкталат.
2. Берилген окуу куралдары электрондук жана кагаз түрүндө болуусу шарт.
3. Окуу куралдын басылышы басманын жана эмгектерди даярдоонун белгиленген тартибине туура келиши керек.
3.1. Окуу куралы 150 барактан кем эмес, саптарынын аралыгы 1,5 жана 12 шрифт менен жазылыш керек.
4. Окуу куралын ББ ж-а ИМге тапшырууга төмөндөгү документтер тиркелет:
4.1. Окуу куралына сырттан жана университеттен тиешелүү адистер жана окумуштуулар тарабынан (илимдин доктору, профессор) бирден сын пикир болушу абзел.
4.2. Кафедранын жыйынынын, факультеттин окуу-усулдук кеңешинин жана университеттин Окумуштуулар кеңешинин чечиминин көчүрмөсү;
5. Университеттин Окумуштуулар кеңешине эмгекти кароого төмөндөгүдөй маалыматтар тиркелет:
5.1. Окуу куралдын аты;
5.2. Окуу куралдын автору (авторлору);
5.3. Аннотация;
5.4. Сын пикир берген адистердин аты-жөнү, кызматы, илимий даражасы, илимий наамы;
6. Сунушталган окуу китеби колдонулган адистик жана багыттар боюнча кафедранын бекитилген жумушчу программасынын кыргыз тилинде болушу шарт.

ӨМТ боюнча проректор Б.Т. Төрөбеков

 

 

И. Раззаков  атындагы  КМТУда  кыргыз тилинде даярдалган жана 

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин  

каржылоосу менен басмадан чыгарууга сунуштала турган окуу

китептерине коюлган талаптар жана коштомо кагаздар

  1. Окуу куралдын кафедрада жана факультетте каралгандыгы тууралуу протоколдордун көчүрмөлөрү (2 экземпляр);
  2. Окуу жайдын Окумуштуулар кеңешинин окуу китепти басмага сунуштоо  чечими боюнча протоколдун көчүрмөсү;
  3. Окуу китепке карата илимий даражасы бар педагогдордун коштомо пикири (2 пикир: ички жана тышкы) болуусу шарт;
  4. Мурда жарык көрбөгөн окуу китептери гана  университеттин окуу куралдарын баалоо боюнча эксперттик комиссиясынын кароосуна кабыл алынат жана белгиленген талаптарга жооп берген учурда гана басмадан чыгарууга сунушталат;
  5. Окуу китептердин мазмунунун деңгээлине, кыргыз тилдин ченемдерин, жазуу эрежелерин сактоосуна баа берилет;
  6. Окуу китепке карата кыскача аннотация (1-1,5 бет);
  7. Көлөмү Microsoft Word документи тибинде, 12-шрифт, 1–сап аралык менен (– 1,5) Times New Roman арибинде 150-350 бетке чейин болуусу шарт;
  8. Кол жазманын башка маалымат булагынан көчүрүлүп алынбагандыгын (плагиат) тастыктоочу документ тиркелиши керек;
  9. Эгер файлга башка шрифтер колдонулса, алар өзүнчө   папкага салынып   берүүсү керек. Adobe Type 1 (PostScript),   TrueType форматындагы шрифтер болуусу   керек;
  10. Сунушталган  окуу куралы        колдонулган адистик жана багыттар боюнча жумушчу программанын кыргыз тилинде болушу шарт;
  11. Эмгектин авторлору  Мамлекеттик тил бөлүмү менен китептин мөөнөтүндө даярдалышы жана талаптары тууралуу келишимди түзүүсү милдеттүү;
  12. Окуу куралдары окутулуп жаткан адистиктерге жана багыттарга түздөн-тү    арналып, анын маңызы Мамлекеттик  билим берүү       стандартына шайкеш  келиш керек. Бул шарт окуу-методикалык           бирикменин сунушу менен   аныкталып, белгиленген  шарттардын          тиешелүү бүтүм  Окумуштуулар  кеңешинин   чечиминде көрсөтүлөт.
  13. Автор жөнүндө толук маалымат: өмүр баяны, дареги, байланыш телефондору, сапаттуу сүрөтү (электрондук түрдө) Форма 1 менен толтурулуп берилет (тиркелет)

Автордун өмүр

баяны

Дареги

Байланыш телефону

Сапаттуу сүрөтү (электрондук түрдө)

1

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Өнүгүү жана мамлекеттик тил

боюнча проректор                                                              Б.Т. Төрөбеков

 

 

И. Раззаков  атындагы  КМТУда  кыргыз тилинде даярдалган жана  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин каржылоосу менен басмадан чыгарууга жана сынакка катышууга сунуштала турган окуу китептерине коюлган талаптар:

 

1.Сынакка катышуу талаптары

    1. Окуу жайдын сунуштамасы менен кабыл алынат;
    2. Автор Кыргыз Республикасынын кесиптик орто же жогорку окуу жайдын окутуучусу болуусу кажет;
    3. Мурда жарык көрбөгөн окуу китептери гана алынат;
    4. Окуу китепке карата илимий даражасы бар педагогдордун коштомо пикири (2 пикир: ички жана тышкы) болуусу шарт;
    5. Окуу китептердин мазмунунун деңгээлине, кыргыз тилдин ченемдерин, жазуу эрежелерин сактоосуна баа берилет;
    6. Окуу китепке карата кыскача аннотация (1-1,5 бет)
    7. Окуу куралдын кафедрада жана факультетте каралгандыгы тууралуу протоколдун көчүрмөсү;
    8. Окуу жайдын Окумуштуулар кеңешинин окуу китепти басмага сунуштоо  чечими;
    9. Көлөмү Microsoft Word документи тибинде, 12-шрифт, 1–сап аралык менен (– 1,5) Times New Roman арибинде 150-350 бетке чейин болуусу шарт;
    10. Кол жазманын башка маалымат булагынан көчүрүлүп алынбагандыгын (плагиат) тастыктоочу документ тиркелиши керек.

11.    Эгер файлга башка шрифтер колдонулса, алар өзүнчө папкага салынып

            берүүсү керек. Adobe Type 1 (PostScript),   TrueType форматындагы шрифтер

            болуусу   керек.

12.    Сунушталган  окуу куралы колдонулган адистик жана багыттар боюнча

            жумушчу программанын кыргыз тилинде болушу шарт.

2.Сынакка катышуу шарттары

2.1.    Окуу куралдары окутулуп жаткан адистиктерге жана багыттарга түздөн-түз

        арналып, анын маңызы Мамлекеттик  билим берүү стандартына шайкеш   

        келиш керек. Бул шарт окуу-методикалык бирикменин сунушу менен  аныкталып, 

        белгиленген  шарт .....  аннотация .....   тиешелүү бүтүм Окумуштуулар кеңешинин

        чечиминде көрсөтүлөт.

    1.     Китептер жана колдонмолор электрондук түрдө жана кагаз түрүндө (1 нускада) кабыл алынат;
    2.      Кол жазмалардын авторлору  тиркемедеги аталыштар боюнча сынакка катыша алышат;
    3.     Плагиат (көчүрүп алган) деп табылган окуу куралдар сынактык кароодон четтетилет;
    4.     Автор жөнүндө толук маалымат: өмүр баяны, дареги, байланыш телефондору, сапаттуу сүрөтү (электрондук түрдө) Форма 1 менен толтурулуп берилет (тиркелет)

                                                                                                                               Форма 1

Автордун өмүр

баяны

Дареги

Байланыш телефону

Сапаттуу сүрөтү (электрондук түрдө)

1

 

 

 

 

                   5.     Кѳрсѳтүлгѳн мѳѳнѳттѳн кечиктирилген жана катышуу шартына ылайык                                       тапшырылбаган эмгектер сынакка кабыл алынбайт.

3. Сынактын жыйынтыгы:

 3.1.   Сынактын талаптарына жооп берип, сынактан өткөн кол жазмалар окуу

          куралы катары акысыз басмадан чыгарылат.

 3.2.   Сынактын жыйынтыгы чыгарылгандан кийин жеңүүчүлөрдүн эмгектеринин

          электрондук (PDF) варианттары сайтка жайгаштырылат.