Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Мамлекеттик тил бөлүмү


  Мамлекеттик тил бөлүмү И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү максатында КР Өкмөтү,  КР Президенти, КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан мыйзамдарды, жарлыктарды, буйруктарды жана программаларды аткаруу  жана мамлекеттик тилди ЖОЖдо окутуу, үйрөтүү жана аны толук кандуу пайдалануу максатында 2015-жылы негизделген.                    

     Бөлүм өзүнүн ишмердүүлүгүн КРнын мамлекеттик тили жөнүндөгү мыйзамына (02.04.2004-ж., №54), КРнын Президентинин “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө”  Жарлыгына (01.07.2013-ж., №155), КРнын  “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына, КМТУнун Уставына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-апрелиндеги  №151  буйругу  менен бекитилген “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн” улуттук программасына, “КМТУда 2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн”  программасына ылайык жүргүзүлөт.