Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жалпы жоболор


И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Мамлекеттик тил бөлүмүнүн

ЖОБОСУ

I. Жалпы жоболор

            И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү максатында КР Өкмөтү, КР Президента, КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан мыйзамдарды, жарлыктарды, буйруктарды жана программаларды аткаруу жана мамлекеттик тилди ЖОЖдо окутуу, үйрөтүү жана аны толук кандуу пайдалануу үчүн окуу жайдын алдында Мамлекеттик тил бөлүмүн түзүү зарылчылыгы пайда болду.

               Мамлекеттик тил бөлүмү өзүнүн ишмердүүлүгүн КРнын мамлекеттик тили жөнүндөгү мыйзамына (02.04.2004-ж., №54), КРнын Президентинин “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына (01.07.2013-ж., №155), КРнын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына, КМТУнун Уставына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-апрелиндеги №151 буйруі у менен бекитилген “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн” улуттук программасына, “КМТУда 2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн” программасына ылайык жүргүзөт.

Мамлекеттик тил бөлүмүнүн (мындан ары - бөлүм ) уюштуруучусу - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университета (мындан ары И.Раззаков атындагы КМТУ).                                                                                     

Бөлүм уюштуруучулук укуктук түрү боюнча И.Раззаков атындагы КМТУнун түзүмдүк бөлүгү болуп саналат.                                                                                                                                                                                                                 

Бөлүмдүн кызматкерлеринин укугу жана милдеттери жободо көрсөтүлгөн атайын КРнын мыйзам чыгаруу талабына, КМТУнун Уставына ылайык аныкталат.

II.Бөлүмдүн максаты жана милдеттери

2.1. Бөлүм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы билим, илим жөнүндөгү бардык укуктардан пайдалануу менен И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жобосуна жана өзүнүн жобосуна таянып иш алып барат. Бөлүм көрсөтүлгөн кызматы (окутуу, которуу, редакциялоо ж.б.) үчүн мамлекеттик жана коомдук уюмдар, башка чарба жүргүзүүчү субьектилер, жеке адамдар чегерген каражаттардын, чыгармачылык ишмердиктин, демөөрчүлүк колдоолордун жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында иш-чараларды уюштуруу үчүн КМТУдан бөлүнгөн атайын каражаттардын эсебинен иш жүргүзөт.

2.2. Бөлүмдүн башкы максаты - КМТУда мамлекеттик тилди үйрөнүү, аны жайылтуу боюнча илим-билим жагынан, коомдук маданий жактан иштерди алый баруу, маанилүү, зарыл маалыматтарды иргеп, талдоого алуу жана топтоо, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окууларды, семинарларды уюштуруу болуп саналат. Бул багытта электрондук веб-сайт түзөт, маалымат бюллетендерин чыгарат, усулдук кеңештерди берет.

2.3. Бөлүм ѳз ишинде укуктук тараптар, мамлекеттик мекеме-уюмдар, кызматкерлер, жогорку жана орто билимдүү жарандар менен ѳз алдынча төмөндөгү багыттар боюнча иш жүргүзөт:

И.Раззаков атындагы КМТУнун студенттерине, кызматкерлерине жана КМТУдан сырткары баардык каалаган жарандарга тил үйрөтүү боюнча тездетилген курстарды уюштуруу;

  • мамлекеттик жана башка менчигинин түрүнө карабастан мекеме- уюмдардын, ишканалардын кызматкерлерине иш кагаздарын орус тили менен катар мамлекеттик тилде жүргүзүүгө үйрөтүү;
  • мамлекеттик тилди окутуу, үйрөтүү боюнча окуу-усулдук жана усулдук иштерди уюштуруу;
  • кыргыз тилиндеги окуу китептерин, усулдук колдонмолорду иликтѳѳ, талдоого алуу жана даректүү сунуштарды даярдоо;
  • мамлекеттик тилди өркүндөтүүнүн жана аны жайылтуунун илимий, практикалык жолдорун, ыкмаларын изилдѳѳ, иштеп чыгуу боюнча иштерди уюштуруу;
  • мамлекеттик тилди үйрөнүү боюнча аудио-видео материалдарды, басма
  • материалдарын, компьютердик программаларды, башка маалымат булактарын түзүү;
  • техникалык ЖОЖдо мамлекеттик тилди окутуу боюнча илимий-
  • практикалык конференцияларды, семинарларды, курстарды, кароо- сынактарды, башка иш чараларды өткөрүү;
  • кыргыз тилин үйрөтүү курстары үчүн окуу программаларын, окуу пландарын түзүү;
  • квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштуруу;
  • алдьщкы усулдук иш тажрыйбаларды жайылтуу;
  • жогорку окуу жайларына өтүүгө кыргыз тилинен даярдоо консультацияларын уюштуруу жана өткөрүү, которууга жардам көрсөтүү;
  • министрликтердин, мамлекеттик мекеме-уюмдардын жана жеке адамдардын буюртмалары боюнча бир тилден экинчи тилге илимий жана көркөм адабияттарды, тексттерди, көрсөтмөлөрдү, документтерди, фирмалык бланктарды, формулярларды, расмий кагаздарды, ишканалардын иш кагаздарын жана мекемелердин аттарын, жарнамалык кулактандырууларды которуу;

III. Бөлүмдүн түзүлүшү жана аны башкаруу

3.1. Бөлүмдү уюмдаштырган жана анын жогорку башкаруу органы болуп И.Раззаков атындагы КМТУ эсептелинет.

3.2. Бөлүмдүн уюмдаштыруучусу төмөнкү маселелерди чечет:

  • бөлүмдүн жобосуна өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү;
  • бөлүмдүн ишмердүүлүгүндөгү артыкчылык берилүүчү багыттарды белгилөө;
  • бөлүмдүн жылдык отчетун угуу жана ага баа берүү;
  • бөлүмдүн ишмердүүлүгүнө, мыйзамдуулуктун сакталышына,Жободо көрсөтүлгөн максат-милдеттерден четтеп кетпөөсүнө көзөмөлдүк кылуу.

IV. Мамлекеттик тил бөлүмүнүн түзүмү

4.1. Бөлүмдүн ишин И.Раззаков атындагы КМТУнун мамлекеттик тил жана өнүгүүбоюнча проректору жетектейт.

4.5. Бөлүмдүн башчысы:

  • Кадр маселесин чечет;
  • Бөлүмдүн штатын аныктайт;
  • Бөлүмдүн иш планын жана сарптоо сметасын бекитет;
  • Адистердин жүргүзгөн иштерине көзөмөлдүк жасайт;
  • Жылына бир жолу И.Раззаков атындагы КМТУнун Окумуштуулар Кеңешине жылдык отчет берет;
  • Бөлүмдүн каржы-эсеп, өндүрүштүк иштерин жетекчиликке алат жана башка мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде аракеттенет.

V.Бөлүмдүн укуктары

  • Кыргыз тилин үйрөтүү курстарын уюштурууга, билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө;
  • мамлекеттик тилди окутууга арналган семинарларды, конференцияларды, илимий- усулдук, билим берүүчүлүк ар кандай жыйындарды өткөрүүгө;
  • кыргыз тилинде окуу жана окуу-усулдук китептерди даярдоого, басып чыгарууга жана таркатууга;
  • мамлекеттик тилде кызмат көрсөтүү чөйрөсүн кенейтүүгө, ишмердүүлүктүн жаңы түрлөрүн киргизүүгө;
  • менчигинин түрүнө карабастан мекеме-уюмдар менен кызматтык келишимдерди түзүүгө жана кызматташууга;
  • гранттык долбоорлорду жазууга жана ал боюнча иш жүргүзүүгө.

VI.Өзгөртүп түзүү жана жоюу

  • Бөлүм өзүнүн ишмердүүлүгүн өзгөртүп, кайра түзүүнүн жана жоюунун негизинде токтотот.
  • Өзгөртүп, кайра түзүлгөн учурда бардык өзгөртүүлөр уюмдун Жобосуна киргизилет.
  • Өзгөртүп, кайра түзүүдө анын укуктары жана милдеттери ордун басуучуга берилет.
  • Бөлүмдүн ишмердүүлүгүн токтотуу учурунда пайда болгон иш кагаздар Кыргыз Республикасынын «Архивдик фонду жөнүндө» мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.