Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Мамлекеттик тил боюнча ченемдик-укуктук актылар


Мамлекеттик тилде даярдалган окуу - илимий эмгектердин сынагынын жобосу

“Кыргыз Уикипедиясы” эркин энциклопедиясына материалдарды жана макалаларды жайгаштыруу боюнча нускама (копия 1)

2021-2025-жылдар аралыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн программасы

Мамлекеттик тил гимни

           Мамлекетти тил гимни 2005-жылы 5 октябрында кабыл алынган. КРнын Президентине караштуу  Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы жарыяланган конкурстун жыйынтыктоочу айлампасында Сейит Алтымышевдин сөзүнө жазылган Бакыт Алишеровдун ыры тандалып алынган. Бул конкурстун соңку айлампасына композиторлор Сардарбек Жумалиев, Бакыт Алишеров, Төлөн Түркмөнов, Сталбек Бактыгулов чыккан.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил гимни

Сөзү: Сейит Алтымышовдуку,

Музыкасы: Бакыт Алишеровдуку

Тил жаралып Көкө-Теңир таңынан,

Адамзаттын дөөлөтүнө буйруган.

 Адам деген түп сөзүнөн элимдин,

Кыргыз тили ай-ааламга жаңырган.

 

Кайырма:

Кыргыз тили – жүрөгүм,

Манас ата туу туткан.

Кыргыз тили – Мекеним,

Менин өлкөм Кыргызстан!

 

Мекен тили Ата журттун кареги,

Биримдиги, күч-кубаты тиреги.

Мекен тили куттуу кыргыз элимдин,

Көкүрөктө согуп турган жүрөгү.

 

Кайырма:

Кыргыз тили – жүрөгүм,

Манас ата туу туткан.

Кыргыз тили – Мекеним,

Менин өлкөм Кыргызстан!

 

Мекен тилин ыйык тутуп сактайлы,

Мекен тили бак-таалайдын кутманы.

Мекен тили кан жаныбыз, туубуз,

Ата журттун келечеги, ак таңы.

 

Кайырма:

Кыргыз тили – жүрөгүм,

Манас ата туу туткан.

Кыргыз тили – Мекеним,

Менин өлкөм Кыргызстан!