Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жаңылыктар


Эл аралык эне тил күнү

2021-жылдын 25 - февралында И.Раззаков атындагы КМТУда Эл аралык эне тил күнүнө карата бир айлыктын жыйынтыктоочу иш-чаралары болуп өттү. Аталган иш-чарада университеттин тил үйрөтүү борборлорунун жана тиешелүү кафедраларынын көргөзмөлөрү жана презентациялары көрсөтүлдү,  ар кайсы улуттун тилинде ырлар жана бийлер  аткарылды. Бул иш-чарага КМТУнун ректору М.К Чыныбаев, Кыргызстандагы ТОМЕР тил үйрөтүү борборунун мүдүрү Ахмед Гозубол, Кыргызстандагы Конфуций институтунун директору Ду Хуа жана башкалар катышышты.

Бул салтанатты КМТУнун Өнүгүү жана мамлекеттик тил боюнча проректору Б.Т.Төрөбеков ачып, майрамдын катышуучуларына жана конокторго каалоо-тилек айтып, эне тил күнүнө арналган иш-чара менен куттуктады. 

Иш чаранын катышуучулары жана коноктор Борборлор уюштурган көргөзмөлөргө жана концерттик номерлерге күбө болушту. Кыргыз тили кафедрасы тарабынан улуттук тамак-аштардын түрлөрү, улуттук кийимдер көрсөтүлүп, комуз күүсү чертилип жана окутуучулардын ыры менен коштолду.

Конфуций классы чай берүү аземин көрсөтүү менен бирге каллиграфия чеберчилиги менен тааныштырышты. Кытай операсы ушул класстын окутуучусу Маметова Азиза тарабынан мыкты чеберчилик менен аткарылды.

Түрк маданияты жана тили борборунун бийчилери улуттук бийи менен көрүүчүлөрдүн назарын  бурушту. Ошондой эле көрүүчүлөр түрк даамын татышты

Орус тили кафедрасы орус элинин улуттук бийи менен залдагы коноктордун көңүлүн бурду.

Чет тилдер, Немис тил борбору  мыкты китеп көргөзмөсүн уюштурушту

Ал эми Кыргыз-Корей борбору көрүүчүлөргө корей оюндарын уюштурушту.

Көргөзмөнүн соңунда Кичи жыйындар залында “Тил – достуктун ачкычы” аттуу иш-чаранын официалдуу бөлүгү болуп өттү. Тегерек столдо ТОМЕР түрк курстарынын директорунун орун басары Мустафа Булут, Конфуций классынын окутуучусу А.Маметова, Немис тил борборунун жетекчиси Ш.Т.Токтосунова, Орус тили кафедрасынын башчысы Ж.Барсанаева, Кыргыз тили кафедрасынын башчысы Жумагул к.А.,  Англис тили кафедрасынын окутуучусу А.А.Чыныбаева өздөрүнүн презентацияларын көрсөтүшүп, алдыга коюлган пландарын, сунуштарын айтышты.

"Мыкты Видеосабак-2020" сынагы жыйынтыкталды

“Мыкты видеосабак - 2020” сынагы

КМТУнун студенттери “Тилим  менен  улутмун”  аттуу студенттер аралык радиовикторинага катышты.

      2020-жылдын 16-октябрында  “Кыргыз  Республикасынын   мамлекеттик  тили  жөнүндө”Кыргыз  Республикасынын  мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына  каратаКыргыз радиосу  КР Президентине караштуу  мамлекеттик  тил   боюнча  улуттук комиссия менен биргеликте “Тилим  менен  улутмун”  аттуу студенттер аралык радиовикторинага барып катышып келишти.    Долбоор  радиовикторина  түрүндө  өткөрүлүп, ага республика  боюнча  жогорку окуу  жайлардын  студенттери  катышышты.   Бул долбоордун  максаты :

 - Мамлекеттик тилди  колдонуу  чөйрөсүн  кеңейтүү;

-Мамлекеттиктик  тилди  даңазалоо;

- Жаштардын  мамлекеттик   тилди мыкты өздөштүрүүсү болду. Уктурууга   2  команда

И.Раззаков  атындагы КМТУнун 1-курсунун   жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун Кыргыз тили филологиясынын 4-курсунун студенттери  ат салышты. Студенттер  өздөрүнүн  тилди  өздөштүрүүдөгү  деңгээлин  көрсөтүшүп көркөм окууда, кыргыз  тилинин  тарыхы боюнча  жана  чачыранды   тамгалардан  белгилүү убакытта   тандалган  тамгалардан  сөздөрдү жазышып, ошол сөздөрдү колдонуп макал-ылакап, туруктуу сөз айкаштарын айтып беришти.

Мамлекеттик тилде даярдалган эмгектердин сынагы жыйытыкталды!

КР ББИМдин “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары  мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасы” иш-чараларына ылайык жана 2020-ж. 2-мартындагы  №1/38 “Мамлекеттик тилде даярдалган окуу эмгектердин сынагын" өткөрүлгөн. Сынактын  жеңүүчүлөрү 9-октябрь күнү Чоң жыйындар залында акчалай сыйлык жана диломдор менен сыйланышты. Эскерте кетсек 

  • Мыкты окуу китептери номинациясы боюнча I  даражадагы диплом  жана  5000 (беш миң) сом:

 «Электр менен жабдуу негиздери» окуу китеби, авторлору: Суеркулов Манас Асанбекович, Абдиева Зарина Эдилбековна, Осмоналиев Кубат Барктабасович жана Суеркулов Семетей Манасович.

  • Мыкты окуу куралдары номинациясы боюнча:

1.  I  даражадагы диплом жана  4000 (төрт миң) сом: «Физика 1» (лекциялар жыйнагы), авторлору: Султаналиева Рая Мамакеевна, Курманалиева Галина Жалилбековна, Байболотова Бурул Бектурсуновна жана Конушбаева Айнур Токтосуновна.

2. II даражадагы диплом жана  3000 (үч миң) сом:  «Мамлекеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти жүргүзүү» окуу куралы, авторлору:  Бексултанов Азисбек Абдилкариевич жана Элчибаева Айзуура Замирбековна.

  • Мыкты усулдук колдонмономинациясы боюнча:
  1. Диплом жана 1000 сом:  «Экинчи тартиптеги ийри сызыктар» усулдук колдонмосу, авторлору: Токтогулова  Айчүрөк  Шеркуловна жана Жумаев Таабалды Жумаевич.

Диплом жана 1000 сом: «Конструкциялоо жана математикалык моделдөө» усулдук колдонмосу, автор - Абдыкеримова Дамира Кеңешбековналар жеңүүчү аталган

 

23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү майрамы!

 

Бүгүн 23-сентябрда И.Раззаков атындагы КМТУнун Мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан онлайн режиминде кыргыз тили күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулду. Иш-чарага жалпы университеттин профессордук-окутуучулук курамы, бардык түзүмдөрдүн мамлекеттик тил боюнча жооптуу кызматкерлери жана студенттер катышты. Аталган иш-чара интернет колдонуучуларга ютуб-каналынан түз көрсөтүлүп турду.

Майрамдык иш-чаранын башында КМТУнун Ɵнүгүү жана мамлекеттик тил боюнча проректору Төрөбеков Бекжан Төрөбекович жалпы катышуучуларды мамлекеттик тил майрамы менен куттуктап, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча техникалык университетте аткарылып жаткан иштерге  токтолду.

Ал эми университетте пандемия шартында окуу процесси кандай форматта өткөрүлүп жатат жана санариптештирүү доорунда IT-технологиялардын жаны инновациялары жөнүндө IT департаментинин директору Алмаз Момунович Арзыбаев кенири токтолуп кетти. Ошондой эле Кыргыз тили кафедрасынын башчысы Жумагул к. Айнура кыргыз тилин аралыкта окутуунун жетишкендиктери жана кемчиликтерине токтолуп кетти.

Ошондой эле, катышуучуларга куттуктоо сөзү менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын басма сѳз катчысы  мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн университеттин профессору, экономика илимдеринин доктору Атантаев Истанбек Акматовичке жана Кыргыз тили кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Исираилова Акдана Маматалиевнага «Кыргыз тили» төш белгисин тапшырды. Ошондой эле Кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучусу Рысбекова Дилбар Акжоловнага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын «Ардак грамотасын» тапшырды.

КМТУнун мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан онлайн режиминде уюштурулган бул иш-чара концерттик программа менен коштолуп, студенттер тил боюнча көркөм окууларын сунуштап жана комуздун күүлөрүн аткарышты. Ошондой эле «ТилTimes» студенттик гезиттин кезектеги майрамдык саны даярдалып басмадан чыгып, катышуучуларга таратылды.  

Мамлекеттик тил  бөлүмүнүн башкы адиси Ч.М.Асанбекова

Улуу Жеңишке 70жыл!

      И.Раззаков атындагы КМТУда 1-майдан 9-майга чейин "Аталардын эрдиктерин даңктайбыз" аталышында инстаграм социалдык тармагындагы кыргыз тили кафедрасы тарабынан түзүлгөн "kyrgyz_tili_kafedrasy" баракчасында (https://www.instagram.com/kyrgyz_tili_kafedrasy/)  онлайн акция болуп өттү. Акцияга КМТУнун студенттери, кызматкерлери жана жалпы билим берүүчү мектептер катышты. Жыйынтыгында 93 видеоролик  катталса алардын 27 катышуучусуна электрондук "Мактоо баракча" менен сыйланды. 

КМТУда “Улут болсом тилим менен улутмун” аталышында тегерек стол болуп өттү

         2020-жылдын 24-феварлында КМТУнун кичи жыйындар залында “Улут  болсом тилим менен улутмун” аттуу "21-февраль - Эл аралык эне тил күнү" жумалыгын жыйынтыктоо максатында тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго КМТУнун өнүгүү жана мамлекеттик тил боюнча проректору Төрөбеков Бекжан Төрөбекович катышты жана  кыргыз тили, орус тили, чет тили кафедралары менен Кыргыз-Корей маалымат , Немис тили, Түрк тили борборлорунун жетекчилери баяндамаларын окушту.

“Көп тил билсең - көп дил билесиң” аталышында "Эл аралык эне тил" жумалыгынын ачылыш аземи болуп өттү

          2020-жылдын 17-февралында КМТУда «Эл аралык эне тил» жумалыгынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага кыргыз тили, орус  тили, чет тилдер кафедралары жана Кыргыз-Корей маалыматты жеткирүү, Түрк тили, Немис тили борборлору өздөрүнүн презентацияларын жана көргөзмөлөрүн элге тартуулады. Майрамдык салтанатка КМТУнун ректору М.Дж.Жаманбаев, Өнүгүү жана мамлекеттик тил боюнча  проректору Б.Т.Төрөбеков менен бирге КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын маалымат катчысы К.Жакыбалиев, ошондой эле Кыргызстандагы Түркия  элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Харун Каржы, ТОМЕР курстарынын директору Ахмет Гозубол жана Анадолу лицейинин директору Елиз Кая катышты. Майрамга ар бир тил кафедралары жана тил борборлору даярдап келген  улуттук маданияты, каада-салты, үрп-адаттары элге тартууланып, көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, майрам жогорку деңгээлде өттү.

Аалам алпы - Чынгыз Айтматов