Стипендиалдык программалар

Президенттик стипендия 2025

        2025-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшырды. Кыргызстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын окуусунда, илимий жана коомдук ишмердүүлүгүндө жогорку натыйжалары менен айырмаланган жалпысынан 92 студент сыйланды. Стипендиянын өлчөмү 60 000 сомду түздү.
        Лауреаттардын арасында и.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин сыймыгы бар.
КМТУнун тогуз студенти бул абройлуу мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болушту.
        И. Раззаков атындагы КМТУнун стипендиаттары:
1. Абылкасымова Алина Абдижалиловна-архитектура жана дизайн институтунун 3-курсунун студенти, АРХ(б) тобу-1-22.
2. Алмаматова Элиза Мыйманбаевна-Экономика жана бизнес жогорку мектебинин 3-курсунун студенти, ССМ(б) тобу-1-22.
3. Байбаракова Ажар Мирлановна-маалыматтык технологиялар институтунун 3-курсунун студенти, ПМ(б) тобу-1-22.
4. Бертошева Рамина Бакытбековна-архитектура жана дизайн институтунун 3-курсунун студенти, АРХ(б) тобу-1-22.
5. Ибрагимова Бегимай Саипжановна-маалыматтык технологиялар институтунун 3-курсунун студенти, ПИангл(б) тобу-1-22.
6. Имамалиева Жумаида Сабыралиевна-маалыматтык технологиялар институтунун 3-курсунун студенти, УЦ(б) тобу-1-22.
7. Расулбек кызы Роза-маалыматтык технологиялар институтунун 3-курсунун студенти, ПМИ(б) тобу-3-22(АиОБД).
8. Советбекова Айдана Мирлановна-Н. Исанов атындагы Кыргыз инженердик-курулуш институтунун 3-курсунун студенти, ЭУН(б) тобу-1-22.
9. Үмөтбеков Ырыскелди Гапарович-Экономика жана бизнес жогорку мектебинин 3-курсунун студенти, ФК(б) тобу-1-22.

Ректордук стипендия

26.12.23 ректордун университеттин эң активдүү студенттери менен жолугушуусу болуп,анда окуу жайыбызды өнүктүрүүнүн масштабдуу стратегиялары көрсөтүлүп, аткарылган иштердин жана жетишкендиктердин маанилүү учурлары чагылдырылды. Ректор студенттерди университеттин ийгиликтүү келечегин түзүүгө активдүү катышууга шыктандыруу менен өнүгүүнүн негизги багыттарын баса белгиледи.

Андан соң көрүнүктүү 20 студентке Ректордук стипендия жана КГТУнун уникалдуу фирмалык белгиси ыйгарылды. 
Ар бир түзүмдүк бөлүмдүн активисттери университеттин коомдук жана илимий турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык каттарын алышты. 

Директордун тарбия иштери боюнча орун басарларына да ыраазычылык билдирилип, алардын студенттик жамаатты түзүүгө кошкон маанилүү салымын белгиленди.

Иш-чара кофе-брейк менен аяктап, бардык катышуучуларга тажрыйба алмашуу, жаңы байланыштарды түзүү жана достук чөйрөдө жагымдуу убакыт өткөрүү мүмкүнчүлүгүн берди.

Президенттик стипендия 2023

23-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2022-2023-окуу жылы ичинде жогорку окуу жайлардын студенттерин Президенттик стипендия менен сыйлоо салтанатын өткөрдү. 
Салтанаттын жүрүшүндө билимдин ар кандай тармактарында мыкты ийгиликтерге жетишкен 75 студентке президенттик стипендиялар ыйгарылды . Өлкөнүн мыкты студенттеринин тизмесинде биздин университеттин өкүлдөрү басымдуулук кылды. КМТУнун 8 студентине Президенттик стипендия ыйгарылды. 
Стипендиаттардын тизмеси төмөнкүлөрдү камтыйт: 

  1. Айбекова Адэлия Айбековна,
  2. Алмаматов Илиязбек Мыйманбаевич,
  3. Джалалов Шайхидин Ниъматович,
  4. Жолой уулу Кайрат,
  5. Кыдырова Асель Сатындыевна,
  6. Ойозбекова Айдаана Ойозбековна,
  7. Сулайманов Жанат Женишевич,
  8. Усенакунова Алима Айбековна
Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар