Пайдалуу кендерди байытуу жана металлургиялык процесстер
Кафедранын тарыхы
1994-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз тоо-металлургиялык институту түзүлгөн.
Ошол эле жылдан тартып Кыргыз Республикасынын металлургия тармагы үчүн инженер-металлургдарды даярдоо максатында «Металлургия жана металлургиялык процесстер» кафедрасы иштей баштаган.
Кафедранын биринчи башчысы болуп т.и.к. Мамбеталиев Т.С. дайындалган. Кийинки жылдары кафедраны Рыспаев Т.А., Молдобаев Э.С., Ногаева К.А., Кожонов А.К. жетектешкен.
2024-жылдын 1-апрелинен тартып азыркы убакка чейин кафедра башчысы болуп т.и.к., доцент Молдобаев Э.С. эмгектенүүдө.
2022-жылы кафедранын аталышы «Пайдалуу кендерди байытуу жана металлургиялык процесстер» болуп өзгөртүлгөн. Бул кафедра республика боюнча жалгыз болуп саналат.
Учурда кафедра 650200 «Металлургия» багыты боюнча (бакалавриат жана магистратура), ошондой эле 650001 «Түстүү металлдардын металлургиясы» адистиги боюнча инженерлерди даярдайт. Адистештирүүлөрү: «Түстүү металлдардын металлургиясы» жана «Пайдалуу кендерди байытуу».
Кафедра иш алып барган мезгил ичинде эки кандидаттык жана бир докторлук диссертация корголгон.
Жыл сайын окутуучулар, студенттер жана магистранттар КМТУнун илимий конференцияларына, ошондой эле республикалык жана эл аралык деңгээлдеги конференцияларга катышып келишет.
2024-жылдын 23–27-сентябрында профессор Ногаева К.А. «Плаксин окуулары» аттуу эл аралык конференцияга катышкан. Конференциянын темасы:
«Сейрек металлдуу тоо-химиялык чийки заттарды жана түстүү, кара металлдардын комплекстүү рудаларын байытуунун жана терең кайра иштетүүнүн инновациялык процесстери».
Мурманск облусунун Апатиты шаарында ал университеттин кафедрасынын кадрларды даярдоо жана илимий ишмердүүлүк багытындагы иштери тууралуу кыскача маалымат берген. Ошондой эле илимий иштер кафедрада гана эмес, тоо-кен өндүрүш ишканаларында да жүргүзүлүп жатканын белгилеген.

